Тажикстанда улгайган оппозиционер ооруканадан кайра түрмөгө которулду

Зубайдулло Розик.

Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" мүчөлөрүнүн бири, 80 жаштан ашып калган Зубайдулло Розик ооруканадан кайра абакка, Вахдат шаарындагы түрмөгө которулганын бүгүн 20-сентябрда "Азаттыктын" тажик кызматы анын уулу Хисомиддиндин айткандарына таянып жазды.

Аны түрмөгө 11-сентябрда жеткиришкени маалымдалды.

Бир ай мурда өлкөнүн юстиция министри Музаффар Ашуриён Розик "ооруган жок" деп билдирген.

Уулу министрдин бул айтканына таң калып жатканын, себеби атасын жүрөгү ооругандыктан ооруканага алып барышканын, бирок бир нече күндөн кийин эле кайра алып кетишкенин айтууда.

Зубайдулло Розик партиянын башка да активисттери менен кошо 2015-жылы күзүндө кармалган. Бийлик аны куралдуу төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыптап, 25 жылга эркинен ажыраткан. Өзү жана партиянын сырт жактагы өкүлдөрү мындай айыптоолорду четке кагышкан.

Тажикстанда "Ислам кайра жаралуу партиясына" 2015-жылы тыюу салынып, террордук уюмдардын тизмесине киргизилген.

Январдан бери аталган партиянын эки мүчөсү түрмөдө каза болду. (RK)

Дагы караңыз

"Айзаданы куткарышкан эмес". HRW мурдагы милиция башчысы акталганын сындады "АКШда бир жыл оку". FLEX программасы окуучуларды кабыл алуудаМинистрлик кызамыкка чалдыккандар азайганын билдирдиОрусия Донецкиде АКШ жараны кыйнап өлтүрүлгөнүн билдирди