Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

"АКШда бир жыл оку". FLEX программасы окуучуларды кабыл алууда


FLEX программасынын кыргызстандык катышуучулары
FLEX программасынын кыргызстандык катышуучулары

АКШнын Мамлекеттик департаментинин билим берүү жана маданият бюросу каржылаган “Келечек лидерлери” алмашуу программасы (FLEX) мектеп окуучуларын кабыл алууну улантып жатат.

Кыргызстандык мектеп окуучулар бул программа менен АКШда бир жыл акысыз окуп, жашап келүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Бишкектеги коллеждердин биринде 1-курста билим алган 16 жаштагы Аделя Абдылдаева быйыл кайрадан FLEX (The Future Leaders Exchange Program) алмашуу программасына тапшырып, күчүн сынап жатат:

"Былтыр дагы тапшырып көргөм. Негизи тапшыргандар абдан көп. Өзүмдүн жанымдагы эле атаандаштарым абдан күчтүү жана көп. Эми Кыргызстан боюнча кандай экенин элестетүү оор".

Учурда ал сынактын алгачкы онлайн турларына тапшырып койду. Аделя бул программа менен Америкада бир жыл билим алуу мүмкүнчүлүгүн алса, келечегине таасири чоң болоруна ишенип турат.

"Албетте, үмүтүм чоң. Кабыл алынсам экен деп турам. Менимче, бул абдан чоң мүмкүнчүлүк. Мен келечекте чет мамлекетте жашап, өнүккүм келет. Ошондуктан бул программа мага башка улуттар менен мамиле курууга, социализация болууга жардамчы болмок деп ойлойм”, - дейт Аделя.

1992-жылдан бери АКШ менен постоветтик мамлекеттердин ортосундагы мамилени чыңдоо максатында иштеп келе жаткан бул маданий алмашуу программасы жыл сайын үч турдан турган тандоо сынактарынан өткөн 9-10-класстын окуучуларын кабыл алат.

Кабыл алынган талапкерлердин бардык чыгымдарын, адаптациялык программаларын АКШ Мамлекеттик департаментинин билим берүү жана маданият бюросу каржылайт.

FLEX программасынын кыргызстандык катышуучулары
FLEX программасынын кыргызстандык катышуучулары

Алар бир жыл бою Американын ар кайсы штатында кабыл алуучу үй-бүлө менен жашап, ошол жердеги жергиликтүү мамлекеттик мектепте бир жыл билим алышат.

Аталган программанын Кыргызстандагы координатору Айканыш Сыдыкова бул өлкө аймактарындагы окуучулар үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин белгилейт:

Айканыш Сыдыкова
Айканыш Сыдыкова

"Флекс бир гана борбордо эмес, бардык региондордо окуган 9-10-класстын окуучулары үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Кайсыл региондон болбосун, баарына талап бирдей. Тапшырып, сынактан өтүп, АКШда бир жыл жашап, окуп келгенге мүмкүнчүлүк ала алышат".

Айканыш өзү да дал ушул FLEX алмашуу программасынын бүтүрүүчүсү. Ал 2013-жылы бул программага кабыл алынып, АКШда тажрыйба топтоп келген. Анын айтымында, бул программа окуучунун андан аркы өнүгүүсүнө таасирин тийгизбей койбойт.

"Баары эле программага өтүү, Америкага жетип алуу гана маанилүү деп ойлошот. Менин оюмча, АКШда жүргөн учурда топтогон тажрыйбаң, үйрөнгөн жөндөмдөрүң андан да маанилүү. Себеби ал нерселердин пайдасы программаны аяктап келгенден кийин сөзсүз тиет. Андан ары билим алууда, карьера жасоодо бул тажрыйбанын таасири чоң болот", - дейт Айканыш.

Баткендин Лейлек районунун Чимген айылынын тургуну Ооматбек Баратов да 2022-жылы, 11-классында FLEX программасына кабыл алынган. Бул ал үчүн тил үйрөнүп, башка элдин маданиятын таанууда табылгыс тажрыйба болгонун жашырбайт.

Ооматбек Баратов
Ооматбек Баратов

“Программа аркылуу жаңы адамдар менен тааныштым. Мисалы, Казакстандан, Өзбекстандан, Азербайжандан, Монголиядан, Молдовадан келген мага окшош студенттер менен таанышып, идея, тажрыйба алмаша алдым. Англис тилди да жогорку деңгээлде өздөштүрдүм. Кабыл алуучу үй-бүлө менен бир жыл жашап, алардын маданияты, тарыхы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүгүм болду”.

Эки жыл мурун программаны аяктаган Ооматбек учурда Түркияда Архитектура жана дизайн боюнча стипендия менен акысыз билим алып жатат.

50дөн ашуун өлкөдөн окуучуларды кабыл алган “Келечек лидерлери” алмашуу программасын 1992-жылдан бери 29 миңден ашуун бала аяктады. Кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдүн саны эки миңге чамалайт.

Аталган программага кабыл алуу быйыл 26-сентябрга чейин уланат.

Быйылкы сынактарга 2008-жылдын 1-январынан 2010-жылдын 15-июлуна чейинки аралыкта төрөлгөн, Кыргызстандын жарандыгы бар жана Кыргызстандагы мектепте окуган 9-10-класстын окуучулары катыша алат. Англин тилин баштапкы негизги деңгээлде билүү жетиштүү.

Майыптыгы бар мектеп окуучулары үчүн жеңилдетилген шарттар каралган.

XS
SM
MD
LG