УКМК Казакстанга мыйзамсыз чыгарылып бараткан 3,3 кг алтын куймалары алынганын билдирди

“Кең-Булуң” өткөрмө пунктунан Казакстанга алып өтүү учурунда алынган алтын куймалары.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Кең-Булуң” өткөрмө пунктунан Казакстанга 3,3 кг алтын куймаларын тиешелүү документтери жок алып чыгууга аракет кылуу фактысы аныкталганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 17-сентябрда “Лексус 470” үлгүсүндөгү автоунаа Казакстанга өтүп баратканда кармалып, андан 3,3 кг алтын куймалары жашырылган жерден табылган. Анын жалпы баасы 30 млн сомдон көп деп эсептелди.

УКМК бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо, курамында алтын бар металлдарды сыртка аткезчилик менен ташууга тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2023-жылдын ноябрь айында Кыргызстандан 51 килограмм 866 грамм алтын куймаларын аткезчилик менен чыгарып кетүүгө шек саналып чет мамлекеттин жараны кармалганын кабарлаган. (BTo)

Дагы караңыз

Президент сот системасындагы реформа уланарын билдирдиЕврокомиссиянын төрайымы Киевге барды “Росатом” ишканасы “Туюк-Суудагы” уран калдыктары быйыл ташылып бүтөрүн билдирдиИзраил "Хезболланын" Ливандагы объектилерине сокку урдуБишкекте жыл аягына чейин 2 миңден ашык батир ипотекага берилет“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоору боюнча коммерциялык макулдашууга кол коюлат«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Курмашева эл аралык сыйлыкка татыдыПрезидент Жапаров укуктук мамлекеттин калыптанышына сот тутумунун салымы чоң экенин белгиледи