Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Курмашева эл аралык сыйлыкка татыды


Алсу Курмашева.
Алсу Курмашева.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы Алсу Курмашева эл аралык абройлуу Басма сөз эркиндиги сыйлыгынын быйылкы жылдагы төрт лауреатынын катарына киргенин Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) жарыялады.

"CPJдин эл аралык Басма сөз эркиндиги боюнча сыйлыгы кабарчылардын чындыкты басмырлоого багытталган катуу аракеттерге карабастан фактыларды жеткирүү үчүн бардык жерде жүргүзгөн маанилүү ишинин символу", - деп айтылды комитеттин аткаруучу директору Жоди Гинсбергдин 19-сентябрдагы билдирүүсүндө.

Гинсберг журналисттер жана жалпы басма сөз эркиндиги үчүн өтө оор болгон бул жылы жогоруда аталган кабарчылар менен бирге болуу ал үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.

Орусия соту тогуз ай камакта кармаган Алсу Курмашеваны быйыл июль айында 6,5 жылга эркинен ажыраткан. Татарстандын Жогорку сотунун расмий сайтына ал «орус аскерлери жөнүндө жалган маалымат таратууга» айыптуу деп табылганы тууралуу маалымат жарыяланган. Ал өзү коюлган айыптардын баарын четке каккан. АКШ президенти Жо Байден Орусияны Курмашеваны тез арада бошотууга үндөп, "Журналистика кылмыш эмес" деп белгилеген. 1-августта АКШ Орусиянын абактарында отурган айрым жарандарын, анын арасында Курмашеваны бошотуп алган. (RK)

XS
SM
MD
LG