Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

“Росатом” ишканасы “Туюк-Суудагы” уран калдыктары быйыл ташылып бүтөрүн билдирди


Орусиялык “Росатом” ишканасынын өкүлдөрү Жумгалда уран калдыктарын көчүрүү иштери менен таанышып жаткан учур. Архив.
Орусиялык “Росатом” ишканасынын өкүлдөрү Жумгалда уран калдыктарын көчүрүү иштери менен таанышып жаткан учур. Архив.

Орусиянын “Росатом” ишканасы Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы “Туюк-Суу” уран калдыктары сакталган жайдан уулуу калдыктарды ташуу иши ушул жылдын аягына чейин бүтө турганын кабарлады. Маалымат компаниянын сайтына жарыяланды.

Ишкананын өкүлү Василий Тинин “Туюк-Сууда” жер көчкү коркунучунан улам айлана-чөйрөгө радиоактивдүү заттардын жайылып кетүү коркунучу жогору болгонун, эми иш соңуна чыкса маселе чечиле турганын айтты.

“Росатом” ишканасы Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштерин 2023-жылы август айында баштаган.

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган.

“Росатом” программанын алкагында өлкөдөгү “Кажы-Сай”, “Туюк-Суу”, “Миң-Куш” жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.

Быйыл июнь жана сентябрь айларында “Туюк-Суудан” уран калдыктарын ташып бараткан оор жүк ташыган автоунаалар кырсыкка кабылып, коомчулулуктун тынчсыздануусун жараткан. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кырсык болгон аймакта радиациялык абал туруктуу экенин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG