Израил "Хезболланын" Ливандагы объектилерине сокку урду

Ливан.

Израил Ливанда "Хезболла" жоочулар тобунун турумдарына жапырт сокку урганын, алардын Израилге каршы бир учурда 1000 ракета учура алуучу 100гө жакын согуштук каражатын жок кылганын 19-сентябрдын кечинде билдирди.

Израил армиясынын (ЦАХАЛ) маалыматына караганда, "Хезболлага" таандык имараттарга, курал-жарагын сактаган кампаларына чабуул жасалды.

"Израилдин коргонуу күчтөрү террор каражаттарына жана "Хезболла" террордук уюмунун согуштук инфраструктурасына зыян келтирүү аракетин улантууда“, — деп айтылды Times of Israel басылмасына жарыяланган израилдик армиянын билдирүүсүндө.

Бул операциясы маалында Ливан менен чек ара тилкесинде ЦАХАЛ эки жоокеринен ажыраганы белгилүү болду.

"Хезболла" тобунун лидери Хасан Насралла эки күн бою Ливанда байланыш жана башка техника каражаттары жардырылган чабуул үчүн Израилди айыптап, кеминде 4 миң пейжер жарылганын, каза болгон жана жараат алгандар арасында бейкүнөө жайкын тургундар, балдар бар экенин белгиледи жана окуяны "терроризм", "согуш кылмышы" деп атады. Израилге каршы тийиштүү жооп кайтарыларын билдирди.

Ливанда 17-сентябрда пейжерлер, 18-сентябрда рация жана башка байланыш, техника каражаттары жапырт жарылып, жалпысынан кеминде 32 киши каза болгону, 3450дөй киши жараат алганы, бутага негизинен "Хезболла" жоочулар тобунун мүчөлөрү алынганы кабарланган.

Иран колдогон ливандык "Хезболла" тобунун союздашы, АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу эки күндөн берки тымызын чабуулдар үчүн Израилди айыптап, соңку кырдаал аймактагы туруктуулукка коркунуч жаратып жатканын билдирген.

Ливан өкмөтү да, "Хезболла" да Израилди айыпташкан.

Израил эч кандай комментарий бере элек, болгону, соңку билдирүүлөрүнүн биринде ХАМАСка каршы согушунун максаттарын кеңейтип, "Хезболланы" да кошуп жатканын гана маалымдаган.

Былтыр 7-октябрда АКШ жана Евробиримдикте террордук уюм деп табылган ХАМАС тобу Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа тилкесинде чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка жана түндүк тилкесиндеги Ливан менен чек арасында ХАМАСтын өнөктөшү "Хезболлага" каршы согушууда.

Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталган 11 айдан бери тилкеде каза тапкандардын саны 41 миңден, жараат алгандар 95 миңден ашты. (RK)

Дагы караңыз

Бишкекте жыл аягына чейин 2 миңден ашык батир ипотекага берилет“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоору боюнча коммерциялык макулдашууга кол коюлат«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Курмашева эл аралык сыйлыкка татыды"АКШда бир жыл оку". FLEX программасы окуучуларды кабыл алууда