Алга Кылычов ооруканадан кайра тергөө абагына которулду

Алга Кылычов.

КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов 19-сентябрда Улуттук госпиталдан кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Жанат Гүлжигитов жана жубайы Гүлнур Ниязова билдирди. Жубайы Алга Кылычовдун кан басымы салыштырмалуу төмөндөгөнүн, ушундан улам кайра тергөө абагына которуу чечими кабыл алынганын айтты.

Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) Кой-Таш окуясына байланыштуу он жылга соттолуп, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Алга Кылычов 9-сентябрда “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилгенин ырастаган.

Мекеме аны №1 тергөө абагынын дарыгерлери буга чейин да текшерип, кан басымын түшүрүү жана кант диабетин дарылоо үчүн дары-дармек жазып беришкенин кошумчалаган.

КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов 21-июнда Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, он жылга кесилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылкы редакциясындагы “Барымтага алуу” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелери менен айып коюлган.

Ал сот өкүмүнө макул эместигин “Азаттыкка” билдирген.

Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери уланууда. Ишти негизинен Биринчи май райондук соту карайт. Алга Кылычовдун иши өзүнчө бөлүнүп, Аламүдүн райондук сотуна өткөн.

Алга Кылычев Кой-Таш окуясына байланыштуу 2019-жылы кармалып, алты айга чукул Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. Кийинчерээк үй камагына чыгарылган. Ал тергөө абагында кыйноого кабылганын “Азаттыкка” курган маегинде айтып берген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев былтыр 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган. Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

"Кызыл-Кыя машина куруу заводу" мамлекеттин балансына кайтарылдыУКМК тамаша иретинде видео тарткандар жоопко тартыларын эскертти11 журналисттин иши боюнча көз карандысыз эксперт суралмай болдуПрезидент Жапаров Баткен облусу боюнча аймактык реформа тууралуу мыйзамга кол койдуКыргызстанга Венгриянын тышкы иштер министри расмий сапар менен келдиТашиев коррупция боюнча соттолгондор сөзсүз абакка отурушу керек экенин айтты 18-сентябрь: Москвада атышууда эки киши набыт болду, Рафик Мамбеталиев үй камагына алынды