Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Кыргызстанга Венгриянын тышкы иштер министри расмий сапар менен келди


Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сиярто Кыргызстанга келди. 19-сентябрь, 2024
Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сиярто Кыргызстанга келди. 19-сентябрь, 2024

Бүгүн, 19-сентябрда Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сиярто Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Сапардын алкагында эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде кыргыз-мажар стратегиялык кеңешинин төртүнчү жыйыны өтөт.

Петер Сияртонун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрү пландалган.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы ачылган. Ошол эле жылы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация кабыл алынган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров былтыр августта Венгрияга иш сапары менен барган. Сапардын алкагында Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-венгер соода-экономикалык маселелерин талкуулаган.

Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студент Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG