Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

11 журналисттин иши боюнча көз карандысыз эксперт суралмай болду


Абактагы төрт журналисттин соту. Бишкек шаардык соту. 4-сентябрь, 2024-жыл.
Абактагы төрт журналисттин соту. Бишкек шаардык соту. 4-сентябрь, 2024-жыл.

19-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистинин иши боюнча соттук отурум башталып, бирок прокурорлордун өтүнүчү менен кийинки бейшембиге - 26-сентябрга калтырылды.

Адвокат Нурсултан Жаныбековдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, мамлекеттик айыптоочулар видеодогу айтылгандарга көз карандысыз экспертиза жасаган эксперт Нарынбаеванын сотто көрсөтмө бериши керектигин айтышып, өтүнүч келтиришти. Ишти карап жаткан судья өтүнүчтү канаатандырып, ишти кароону кийинки бейшембиге - 26-сентябрга калтырды.

"Айыптоонун эксперттеринен тышкары биз видеолорду көз карандысыз экспертке бергенбиз. Анын корутундусу менен прокурорлор таанышкан. Эми эксперттин өзүн сотто сурайлы деп чыгышты. Негизи бүгүнкү процессте жарыш сөз башталмак. Бирок эмнегедир эле түрдүү шылтоо менен сотту создуктуруп жатышат", - деди адвокат Нурсултан Жаныбеков.

Жаныбековдун белгилөөсүнө караганда, бүгүн, 19-сентябрда жарыш сөз башталмак. Буга чейин дагы бир адвокат Улан Сейитбеков да 19-сентябрда тараптардын жарыш сөзү башталат деп күтүлүп жатканын билдирген.

12-сентябрдагы отурумда Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, эксперт Жанышбек уулу Азамат сот аткаруучулар тарабынан Ысык-Көлдөн алып келинип, суралган.

5-сентябрдагы сот жараянында лингвист-эксперт Таалайбек Абдыкожоев суралган.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Ушул тапта төрт журналист - Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбеков тилкат менен үй камагына чыккан.

ИИМ “Айт, айт десе” жана Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып келет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG