Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

18-сентябрь: Москвада атышууда эки киши набыт болду, Рафик Мамбеталиев үй камагына алынды


Москва облусундагы Wildberries компаниясынын кампаларынын бири, 29-июль, 2021-жыл
Москва облусундагы Wildberries компаниясынын кампаларынын бири, 29-июль, 2021-жыл

18-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Москвада Wildberries кеңсесинде атышуу болуп, эки киши каза тапты

Wildberries ири компаниясынын Москвадагы кеңсесинде ок атылып, эки киши каза болду, дагы он чакты киши жараат алды. Интернет-дүкөндүн негиздөөчүсү, Орусиядагы эң бай аялдардын бири Татьяна Бакальчук Телеграмга билдирүү жарыялап, күйөөсү Владислав Бакальчукту компанияны басып алууга аракет кылып жатат деп айыптады. «Свобода» радиосу жазгандай, атышуу Кремлден 350 метр аралыкта жайгашкан "Романов Двор" бизнес-борборунда болду, жабыркагандар арасында кавказдык эрежесиз күрөш мушкерлеринен кеминде үчөө бар. Алардын бири, "Агентство" басылмасынын маалыматына караганда, Чеченстандын тургуну жана бул республиканын башчысы Рамзан Кадыровдун "Ахмат" күрөш клубунун мүчөсү. Орусиянын күч органдары менен байланышта экени айтылып жүргөн Mash Телеграм каналы жабыркагандардын арасында кесипкөй спортчулар Абубакар Местоев, Умар Чичаев жана оор салмактагы бокс боюнча Орусиянын жана орус армиясынын чемпиону Рашид Кодзоев бар экенин жазды.

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев абактан кат жазып, президентке кайрылды

Үч айга чукул тергөө абагында отурган Карабаев УКМКнын тергөөчүсү ага басым-кысым кылганын билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылды. Бул тууралуу анын Бишкектеги №1 тергөө абагынан жазган катын укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Катта президенттен ага каршы куугунтуукту жана мыйзамсыз козголгон кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алууну сураган. Карабаев катты адвокаты Акынбек Ногоев берген. Бул маалыматты адвокат да ырастап, Карабаевдин иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөнүн, биринчи соттук отурум 8-октябрга дайындалганын айтты. Атайын кызмат катка байланыштуу комментарий бере элек. УКМК кызматкерлери Карабаевди 2-июлда кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.

"МБулак" микрокредиттик компаниясынын кеңсеси тинтүүгө алынганы кабарланды

Күбөлөр компаниянын кеңсесине тинтүүдөн кийин мөөр басылганын "Азаттыктын" кабарчысына билдирди. Kaktus.media укук коргоо органдарындагы булактарга таянып, "Мбулак", "АБН" микрокредиттик компанияларынын кеңсеси тинтүүгө алынганын жазышты. Маалыматта аты аталган мекемелер кош эсеп жүргүзүүгө шек саналып жатканы белгиленген. Аты аталган компаниялар текшерүү, тинтүү тууралуу комментарий бере элек. Сентябрдын башында “Куликовский” ишканасынын кеңсеси тинтүүгө алынганы кабарланган. Бир нече медиа каражаттары укук коргоо органдарындагы жеке булактарына шилтеме берип, УКМК “Куликовский кондитер үйү” ишканасынын Бишкектеги кеңcесинде тинтүү жүргүзүп, документтерин алып кеткенин жазышкан. Андан тышкары башкы кеңсесине мөөр басылганы кабарланган. Атайын кызмат дагы, "Куликовский" ишканасы дагы бул тууралуу маалымат берген эмес. Бирок ишкана иштеп жатканы айтылган.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын экс-башчысы Рафик Мамбеталиевге иш козголду

Бишкектин Биринчи май райондук соту ал Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айыпталып жатканын билдирди. Райондук сот 13-сентябрда Мамбеталиевдин бөгөт чарасын карап, УКМКнын тергөөчүсүнүн аны камакка алуу өтүнүчүн четке кагып, 21-октябрга чейин үй камагына алды. Атайын кызмат кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек. Мамбеталиевдин адвокаты менен жакындарынан да комментерий алууга мүмкүнчүлүк боло элек. Мамбеталиев буга чейин ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын, Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси болгон.

Кыргыз-кытай комиссиясы Барскоон - Үч-Турпан - Аксуу унаа жолун биргелешип курууну талкуулады

Бээжиндеги жыйында өзгөчө эки тараптуу сооданы өнүктүрүүгө, инвестициялык, тоо-кен, финансы тармактарында кызматташтыкты тереңдетүүгө жана Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Кытайга экспорттоо маселелерине көңүл бурулду. Кыргыз-кытай чек арасында жаңы ачылган “Бедел” өткөрүү пунктун инфраструктуралык жактан модернизациялоо, Барскоон - Үч-Турпан - Аксуу унаа жолун куруу иштерин биргелешип жүргүзүү маселеси тууралуу сөз болгон. Кытай тараптын маалыматы боюнча, 2023-жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 20 млрд долларды түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 32% өскөн. Быйыл январь-июль айларында соода жүгүртүү 11 миллиардга жакын долларга жеткен.

Орусияда аскерге чакыруунун электрондук реестри тест түрүндө иштей баштады

Аскерге электрондук кат аркылуу чакыруу реестри тест режиминде иштей баштаганын "Хабр" жамааттык IT блогунун колдонуучусунун маалыматына таянып, «Свобода» радиосу жазды. Ноябрдан тартып ал жерде аскерге чакыруу кагазы, бийлик органдарынын чакырууга байланыштуу чечимдери, анын ичинде аскерге баруудан баш тарткандардын укугун чектөө тууралуу токтомдор жарыялана баштайт. Электрондук чакыруу кагаздары 1-ноябрдан тартып жөнөтүлө баштайт. Чакыруу электрондук реестрге жайгаштырылгандан 7 күн өткөндөн кийин жаранга тапшырылды деп расмий эсептелет. Аскердик комиссариаттан ал жарандын колун койдуруп, чакырууну алганы тууралуу мурдагыдай аныктама талап кылынбайт. Былтыр жайында аскерге чакырыла турган орусиялыктарга реестрде электрондук чакыруу пайда болгон күндөн тартып чет жакка чыгууга тыюу салуучу мыйзам кабыл алынган. Ошону менен катар Орусияда аскерге чакырылуу боюнча жаш курагынын чеги 27ден 30 жашка узартылган.

Арменияда "куралдуу төңкөрүш" даярдоого шектелген үч киши кармалды

Тергөө комитетинин маалыматына караганда, кармалгандар Орусияда атайын даярдыктан өтүшкөн, алардын тышкары дагы төрт кишиге издөө жарыяланды. Билдирүүдө шектүүлөрдүн бешөө Армениянын жараны, экөө Тоолуу Карабак аймагынын мурдагы тургундары экени айтылды, бирок аты-жөнү жарыяланган жок. Армян бийлиги аларды жергиликтүү бир нече тургунду жана Тоолуу Карабакта жашаган айрым адамдарды азгырып, Орусияга алып барып, армян өкмөтүн кулатуу максатында атайын аскердик даярдыктан өткөргөн деп айыптоодо. Азербайжан былтыр сентябрда Армения менен талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

XS
SM
MD
LG