Кыргызстанга Венгриянын тышкы иштер министри расмий сапар менен келди

Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сиярто Кыргызстанга келди. 19-сентябрь, 2024

Бүгүн, 19-сентябрда Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сиярто Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Сапардын алкагында эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде кыргыз-мажар стратегиялык кеңешинин төртүнчү жыйыны өтөт.

Петер Сияртонун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрү пландалган.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы ачылган. Ошол эле жылы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация кабыл алынган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров былтыр августта Венгрияга иш сапары менен барган. Сапардын алкагында Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-венгер соода-экономикалык маселелерин талкуулаган.

Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студент Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алат. (КЕ)

Дагы караңыз

Ташиев коррупция боюнча соттолгондор сөзсүз абакка отурушу керек экенин айтты 18-сентябрь: Москвада атышууда эки киши набыт болду, Рафик Мамбеталиев үй камагына алынды Москвада Wildberries кеңсесинде атышуу болуп, эки киши каза таптыЛиванда рациялар жарылып, кеминде тогуз киши каза тапты