Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Ливанда рациялар жарылып, кеминде тогуз киши каза тапты


Ливан.
Ливан.

Ливанда 18-сентябрдын кечинде «Хезболла» жоочулар тобу колдонгон рациялар жарылганын коопсуздук органдарындагы булактарына жана окуянын күбөлөрүнө таянып Reuters маалымат агенттиги жазды.

Жарылуулар өлкөнүн түштүк аймактарында жана борбор калаа Бейруттун түштүк чет жакасында катталганы маалымдалды.

Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү жарылуулардан кеминде тогуз кишинин өмүрү кыйылганын, 300дөй киши жараат алганын билдирди.

Борбор калаа Бейруттун түштүк тилкесиндеги Иран колдогон ливандык “Хезболла” тобунун таянычы болгон Дахие шаарчасына “Тез жардам” машиналары келип жатканы кабарланды.

18-сентябрда «Хезболла» Израилдин артиллериялык турумдарына чабуул койгонун маалымдаган.

Кечээ 17-сентябрда Ливанда пейжерлер жарылып, 12 кишинин өмүрү кыйылган, алардын экөө балдар экенин өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фирасс Абьяд билдирген.

Бир катар маалымат агенттиктери бул операцияны Израилдин Моссад чалгын кызматы ишке ашырганын, «Хезболланын» жоочулары колдонгон пейжерлерге бир нече ай мурда жардыргыч орнотулганын, алардын айрымдары бир маалда жардырылганын, жараат алгандар арасында Ирандын Ливандагы өкүлү да бар экенин жазышкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Ливандагы жарылуулардан улам ушул аптанын соңуна чейин атайын жыйынга чогулганы жатат.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобу Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка жана түндүк тилкесиндеги Ливан менен чек арасында ХАМАСтын союздашы «Хезболлага» каршы согушун улантууда.

Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталган 11 айдан бери сектордо каза тапкандардын саны 41 миңден, жараат алгандар 95 миңден ашты. (RK)

XS
SM
MD
LG