Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Москвада Wildberries кеңсесинде атышуу болуп, эки киши каза тапты


Орусияда интернет аркылуу соода жүргүзүүчү Wildberries ири компаниясынын борбор калаа Москвадагы кеңсесинде бүгүн 18-сентябрда ок атылып, эки киши каза болду, дагы он чакты киши жараат алды. Интернет-дүкөндүн негиздөөчүсү, Орусиядагы эң бай аялдардын бири катары белгилүү Татьяна Бакальчук Телеграмга билдирүү жарыялап, күйөөсү Владиславды компанияны басып алууга аракет кылып жатат деп айыптады.

Анын айтымында, Владислав Бакальчук кеңсеге куралчан топтун коштоосу менен кирүүгө аракет кылган. Ал эми күйөөсү сүйлөшүү үчүн барганын, бирок командасы менен бирге белгисиз бирөөлөрдүн чабуулуна кабылганын айтууда.

"Мен кесиптештерим менен бирге компаниянын кеңсесине баргам, бирок кире бериштен эле коопсуздук кызматы жана мага белгисиз адамдар кол салып, куралдуу жаңжалды козутушту. Бир убакта ок атылып, менин бир кесиптешим жараат алды", – деди ал.

«Свобода» радиосу жазгандай, атышуу Кремлден 350 метр аралыкта жайгашкан "Романов Двор" бизнес-борборунда болду, жабыркагандар арасында кавказдык эрежесиз күрөш мушкерлеринен кеминде үчөө бар. Алардын бири, "Агентство" басылмасынын маалыматына караганда, Чеченстандын тургуну жана бул республиканын башчысы Рамзан Кадыровдун "Ахмат" күрөш клубунун мүчөсү.

Орусиянын күч органдары менен байланышта экени айтылып жүргөн Mash Телеграм каналы жабыркагандардын арасында кесипкөй спортчулар Абубакар Местоев, Умар Чичаев жана оор салмактагы бокс боюнча Орусиянын жана орус армиясынын чемпиону Рашид Кодзоев бар экенин жазды.

Орусиядагы эң кирешелүү жана ийгиликтүү бизнестердин бири, Кыргызстанда да кулач жайган Wildberries соода аянтчасынын айланасында чоң жаңжал быйыл жайында тутанган. Анын негиздөөчүсү жана ээси Татьяна Бакальчук ажырашып жатканын айтса, күйөөсү Владислав Бакальчук компания рейдерликке туш болгонун жар салып, Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровго даттанган. Айрым иликтөөчү журналисттер бул окуяда бүдөмүк жагдайлар көп экенин, согуш маалында менчикти кайра бөлүштүрүү жүрүп жатканын да белгилешкен. (RK)

XS
SM
MD
LG