“Германия - Борбор Азия” саммитинин алкагында Кыргызстан менен Германиянын жетекчилери Астанада жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады.
Жапаров менен Шольцтун жолугушуусу
Кыргыз президенти Садыр Жапаров саммиттин алкагында Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту. Расмий кабарлангандай, Жапаров анда Германия менен экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө тыкыр көңүл буруп, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү байкаларлык өсүп жатканын белгилеген.
Президент чет элдик инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жагынан Германия кыргыз тарап үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналарын билдирген. Кыргызстан германиялык компаниялардын өлкөгө алып келе турган тажрыйбасын жана билимин жогору баалап, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды, анын ичинен салык жеңилдиктерди берүүгө, укуктарын коргоону камсыз кылууга даяр экенин белгилеген.
Немис компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушканда Садыр Жапаров Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн атады:
“Энергетика Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөр толук өздөштүрүлө элек. Биз кичи жана ири ГЭСтерди куруп жатабыз. Анын ичинде “Камбар-Ата-1” ГЭСинин масштабдуу долбоору да бар. Мындан тышкары өлкөдө күн жана шамал энергетикасы жаатындагы технологиялар активдүү жайылууда. Биз Германиянын энергетика боюнча жаңы технологияларына кызыкдарбыз. Логистика экономиканын дагы бир маанилүү тармагы болуп саналат. Ушул жылы биз “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча аймактык долбоорду баштайбыз. Биз Германиянын логистикалык компанияларын Кыргызстанда стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырабыз. Климатка байланышкан көйгөйлөрдөн улам заманбап суу сактагычтарды куруу, инновациялык системаларды модернизациялоо жана механизацияланган жана тамчылатма сугаруу технологияларын жайылтуу стратегиялык мааниге ээ болууда. Сиздердин компаниялар көп жылдык тажрыйбасы бар, эл аралык экологиялык стандарттарды эске алуу менен заманбап технологияларды колдонот. Бул жагынан да Германия менен кызматташтык ушундай инновациялык технологияларды иштеп чыгуу жана жайылтуу үчүн каржылоону камсыздоо менен ийгиликти жарата алат”.
Жапаров ошол эле кезде Борбор Азия терроризм, экстремизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, чек ара коопсуздугу сыяктуу чакырыктарга туш болуп жатканын айтып, Ооганстандагы туруктуулук жана коопсуздук маселеси да маанилүү экенин белгиледи.
Германия менен Кыргызстандын ортосунда кандай документтер кабыл алынганы айтыла элек.
Кыргыз-немис соода алакасы
Германия Кыргызстандын Европадагы эң ири экономикалык өнөктөшү болуп эсептелет. Бирок, буга карабай, тышкы соода жүгүртүүдөгү анын үлүшү 2% тегерегинде гана.
Эки тараптуу соода алака соңку жылдары өсүп жатат. 2023-жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 430 млн доллар болуп, андан мурунку жылга караганда дээрлик 2,4 эсеге көбөйдү. 2022-жылы да өсүү ушундай эле темпте болгон болчу. Ал эми быйылкы жети айда тараптардын соода алакасынын көлөмү 175 млн доллар болуп, темп 27,6% түшүп кеткени байкалат.
Германиядан негизинен автоунаалар, алардын тетиктери, өндүрүштүк жабдуулар, дары-дармектер жана айыл-чарба азыктары импорттолот.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов Германия чөлкөмгө келип жатканда Кыргызстан дагы технологиялык, адам ресурстары жаатындагы көйгөйлөрүн ортого салышы керек деп эсептейт.
“Германия – өзгөчө мамлекет. Ал Европада дагы, дүйнөдө дагы өнөр жай жагынан, IT технологиялар жагынан да өнүккөн өлкө. Ошон үчүн анын салмагы чоң. Карап көрсөк, биздин коңшу мамлекетибиз Кытай Германия менен 30-40 жыл иштеп, технология, өнөр жай жагынан абдан өнүккөн. Кыргыз-немис мамилеси соңку эки жылдын ичинде жаңы деңгээлге чыгып жатат. Мында Германиянын өзүнүн улуттук жана геосаясий кызыкчылыгы бар. Биринчиден, аларга жаңы соода шериктештер керек. Экинчиден, өнүгүүнүн көйгөйлүү маселелерин чечиш керек. Бул нефть-газ болобу же жумушчу күч болобу... Экономика качан өнүгөт? Сөзсүз демократия болгондо. Сот системасы жакшы иштеп, укуктук негиздер болуш керек. Германиянын Кыргызстанда дагы минералдык кызыкчылыктары бар. Биринчиден, бул - гидроэнергетика, суу. Германиянын компаниялары бул жаатта абдан катуу иштейт. Бизге гидроэлектростанцияларды курганга турбиналар керек, технология жагынан ар кандай уюмдар керек”.
2023-жылы Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен.
- Финансы министрлигинин 2024-жылдын башына карай маалыматына таянсак, Кыргызстандын тышкы карызында Германиянын KfW мамлекеттик банкы менен Гермес Кредитверзихерунгс-Актингезельшафт фондунун биргелешкен үлүшү 1,5% же 68 млн долларды түзөт.
Расмий маалыматтарга таянсак, Германия Кыргызстандын инвестициялык өнөктөштөрүнүн катарында бешинчи сапта турат. Бирок бул Германия Кыргызстанга ири инвестиция жумшайт дегенди билдирбейт. Соңку 20 жылдагы көрсөткүчтү эсептеп көрсөк, немис инвестициясынын көлөмү анча деле чоң эмес – жалпы инвестициялык сумманын орточо 4% тегерегинде же 21 млн долларды түзгөн.
Кыргызстанда немис тилин жана маданиятын жайылтуу борборлору иш алып барат. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (Политех), Курулуш, транспорт жана архитектура университети өңдүү жогорку окуу жайларынын алдында Кыргыз-Немис институттары иштейт. Муну менен катар Гёте институтунун Бишкекте филиалы бар. Алар Германия менен маданий байланыштарды чыңдоо миссиясын аткарышат.
Соңку жылдары кыргыз мигранттарын Германияда жумушка орноштуруу иши активдешкен. Бишкектин ар кайсы аймактарында мигранттардын компетенциясын тастыктоо жана кесиптик багыт берүү борборлору ачылган. Орусиядагы саясий жана экономикалык каатчылыктан улам көпчүлүк кыргыз мигранттары Европанын Германия, Улуу Британия, Италия өңдүү мамлекеттерине, АКШга ооп жатат.
Беш өлкө жана Германия, Казакстандын үмүтү
Германиянын канцлери Олаф Шольц ушуну менен экинчи жолу Борбор Азиянын беш мамлекетинин лидери менен бир үстөлгө отурду. Астанадагы "5 + 1» форматындагы жыйын Берлиндеги алгачкы саммиттен дээрлик бир жылдан кийин уюштурулду.
Саммитте бизнес, мунай-газ, минералдык ресурстар багытында Борбор Азия менен Германиянын кызматташтыгын кеңейтүү зарылдыгы тууралуу да сөз болду.
Казак лидери Касым-Жомарт Токаев Астана Германияга мурдагыдан көбүрөөк көлөмдө мунай жеткирүү үчүн немис тараптын колдоосуна ишеним артарын айтты:
"Германияга энергетикалык ресурстарды жеткирген эң ири жана ишенимдүү өлкө катары Казакстан немис рыногуна мунай экспортун көбөйтүүгө даяр. Биз көмүр суутектүү күйүүчү заттардын узак мөөнөткө жана туруктуу түрдө жеткирилип турушун камсыз кылуу үчүн немис өнөктөштөрүнүн мындан аркы да үзгүлтүксүз колдоосуна үмүт артабыз".
Казакстан - чөлкөмдөгү беш өлкөнүн ичинен табигый ресурстарга бай жана экономикасы эң күчтүү мамлекет. Буга чейин немис эксперттери Олаф Шольцтун Казакстан менен Өзбекстандагы үч күндүк сапарында мунай-газ маселесине өзгөчө көңүл буруларын болжолдогон. Себеби, расмий Берлин Украинадагы согуштан улам мунай-газды мурдагыдай Орусиядан эмес, башка өлкөлөрдөн алуунун жолун караштырып келет.
Немис бийлиги бул багытта кандай конкреттүү чечимдер кабыл алганын билдире элек. Бирок Олаф Шольц Германия чөлкөм менен кызматташууга кызыкдар экенин X барагына жазды:
"Борбордук Азия мамлекеттеринин саясатын алардын кайсы жерде жайгашканы аныктап турат. Алар чыгыш да, батыш да, европалык да, азиялык да эмес. Бирок мүмкүн болушунча көп адамдар менен жакшы мамиледе болууга умтулушат. Биз бири-бирибиз менен болгон мамилебизди мындан ары тереңдетүүнү каалайбыз!"
Украинадагы согуш жана чөлкөмдөгү адам укуктары
Бул саммитте Украинадагы согуш же санкциялар тууралуу кандай сөз болгону ачык булактарга жарыяланган жок. Бирок бир күн мурун Касым-Жомарт Токаев чакан чөйрөдөгү жолугушууда немис канцлерине "аскердик мааниде орус армиясын эч ким ута албайт" деп айтканын казак медиасы жазып чыкты.
Анда белгиленгендей, Токаев "Согуштун мындан ары күчөшү бүткүл адамзат жана биринчи кезекте орус-украин жаңжалына катышкан өлкөлөр үчүн орду толгус кесепеттерди алып келет" деп айтса, Шольц бул пикирге макул болбогонун, Орусия Украинага чабуул жасап киргенден бери Берлин Киевди колдоп келерин билдирген.
Дагы караңыз
Жарандык коом "Чет элдик өкүл" мыйзамын кайра кароого чакыруудаАстана саммити укук коргоочулар жалпы Борбор Азия аймагында адам укуктарынын абалына тынчсыздануусун билдирип жаткан учурда өттү. HRW уюму Шольцтун сапарын улай билдирүү таратып, чөлкөмдө “өз оюн эркин билдирүү эркиндиги, активисттерди абакка салуу, жабык жайлардагы кыйноо, жарандык коомго каршы репрессия, аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүү” сыяктуу көйгөйлөр бар экенин эске салган. Немис канцлери бул маселеге саммитте канчалык көңүл бурганы расмий кабарлана элек элек.
Казакстандагы саммиттин алдында Германиянын канцлери жекшембиде Өзбекстанга барып, өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен жолуккан.
Анда өзбек жумушчуларын Германияда ишке орноштурууну жана мыйзамсыз мигранттарды Өзбекстанга жөнөтүүнү караштырган макулдашууга жана башка бир катар документтерге кол коюлган.
Дагы караңыз
Берлин менен Ташкент эмгек миграциясы тууралуу макулдаштыШольц Астанада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолукканда да немис ишканалары кыргызстандык жумушчуларга кызыгарын айтканы белгилүү болду.
Кыргызстандын президентинин администрациясы тараткан маалыматта: "Шольц эки тараптын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн көптөгөн темалар бар экенин белгиледи. Ал бүгүнкү күндө эң актуалдуу маселелердин бири – немис ишканаларын абдан кызыктырган кыргызстандык адистердин Германияга миграциясына токтолду", - деп айтылат.
2022-жылы Москва Украинага согуш ачып, басып киргенден бери Орусиянын энергетикалык ресурстарынан көз каранды болгон Германиянын Борбор Азияга кызыгуусу күчөгөн. Былтыр сентябрда Берлинде "Германия – Борбор Азия" саммити биринчи жолу өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери, түркмөн президентинин атасы, Халк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухаммедов барган.
Дагы караңыз Санкция: Борбор Азиядан Орусияга сатылган дрондор