Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекетинин иш тартибин өзгөртүү сунушталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра-автожол" өткөрмө бекетинин иштөө режимин өзгөртүү сунушталууда.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев 17-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан жана Казакстандын өкмөттөрүнүн чек ара өткөрүү пункттары жөнүндөгү макулдашуусуна ылайык, аталган бекетти күнү-түнү иштетүү маселеси каралып жатат. Азыр бекет күндүз иштейт.

"Иштөө режимине өзгөртүү киргизүү кыргыз-казак чек арасынан өтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү, ошону менен бирге ички жана чет элдик туристтердин агымын көбөйтүү, инфратүзүмдү жакшыртуу зарылчылыгы менен шартталган", - деди Шаршеев.

Тиешелүү мыйзам долбоору аталган комитетте биринчи окууда каралып, жактырылды.

"Каркыра — автожол" бекети Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Ал 2003-жылы уюшулган. 2020-жылы коронавируска байланышкан карантиндик чаралардан улам убактылуу жабылып, 2021-жылы кайра ачылган.

Былтыр Казакстандан Кыргызстанга өтүп жаткан чет элдик туристтерди кыргыз чек арачылары автобустан түшүрүп, ар биринин баштыгын ачып, буюмдарын кол менен текшерип жатканы тартылган видео интернетке тараган.

Ушундан кийин Чек ара кызматы 2024-жылы “Каркыра” бекетине атайын жабдуу коюларын, багажды жана колдогу буюмдарды текшерүүчү жаңы техника коюларын билдирген.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жалпы беш көзөмөл-өткөрмө бекети бар. "Каркырадан" тышкары Чүй облусунда “Ак-Тилек”, “Чалдыбар”, “Ак-Жол” жана Талас облусунда “Чоң-Капка” өткөрмө бекеттери иш алып барат. (КЕ)

Дагы караңыз

PISA сынагына 3 миңден ашуун окуучу даярдалып жатат"Талибан" Ооганстанда шал оорусуна каршы эмдөөгө тоскоолдук жоктугун айттыКыргызстанда жыл сайын 200дөй баладан рак дарты аныкталууда Президент Жапаров "Борбор Азия - Германия" форматын натыйжалуу пайдаланууга чакырды