Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Кыргызстанда жыл сайын 200дөй баладан рак дарты аныкталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбековдун журналисттерге билдиргенине караганда, өлкөдө жыл сайын балдардын өсмө оорусуна чалдыккан 200 учуру катталат. Ал муну дартты аныктоо мүмкүнчүлүгү кеңейгени менен байланыштырды.

"Балдардын онкологиялык оорусу орто эсеп менен дүйнө жүзүндө 100 миң баланын 14-17сине туура келсе, Кыргызстанда 100 миң баланын 11и өсмө оорусуна чалдыгат. 2014-жылга чейин 100 миң баланын сегизи өсмөгө чалдыкканы аныкталчу. Мурда жыл сайын 120 учур болсо, быйыл 180-200гө чамалады. Дартты аныктоо мүмкүнчүлүгү жакшыргандыктан, көбөйүп жатат. Мурунку учурларда балдардын өсмө оорусу аныкталбай кала берчү, айрым учурларда балдар Ошко же Бишкекке жетпей, чарчап калганы үчүн алардын чыныгы илдети так аныкталчу эмес".

Стамбековдун сөзүнө караганда, дарттын так себеби азырынча окумуштууларга белгисиз.

Ошол эле учурда ашказан, өпкө, тамак рагына зыяндуу адаттар, тамак-аш да себеп болот. 2023-жылы мамлекет тарабынан онкологиялык оорулуу балдарды химия менен дарылоого 100 млн сом берилген.

Бир бейтаптын алгачкы дарылоосуна орточо 500 миң сом сарпталат.

Кыргызстанда 17-сентябрдан тартып балдардын өсмө оорусу тууралуу маалымат берүүнүн бир айлыгы башталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 30 миңге чукул адам онкологиялык оору менен каттоодо турат. Дарт жаңы аныкталгандардын жарымы бир жылга жетпей каза болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG