Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:42

"Талибан" Ооганстанда шал оорусуна каршы эмдөөгө тоскоолдук жоктугун айтты


Ооганстан. Кандагар. Эмдөө.
Ооганстан. Кандагар. Эмдөө.

Ооганстандын «Талибан» башкарган өкмөтү өлкөдө шал оорусуна (полиомиелит) каршы эмдөө өнөктүгүнө тоскоолдук жаралып жатканы тууралуу маалыматты четке кагууда. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Шарафат Заман 17-сентябрдагы билдирүүсүндө мындай кабарларды жалган деп атады жана өнөктүктү токтотуу же башка убакытка калтыруу тууралуу эч кандай расмий буйрук же план болбогонун айтты.

Анын белгилешинче, саламаттык сактоо тармагына жооптуу жетекчилер эмдөөнү мыйзамга жана техникалык талаптарга ылайык, коомчулукка пайдасы тие тургандай уюштуруу аракетин көрүп жатышат.

Бир күн мурда AP агенттиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жогорку кызматтагы өкүлдөрүнүн бирине таянып, талибдер Ооганстанда эмдөөнү үймө-үй кыдырып эмес, мечиттерде гана жүргүзүү маселесин талкуулап жатышканын кабарлаган.

Ооганстанда бийлик 2021-жылы талибдердин колуна тийгенден кийин гуманитардык көйгөйлөр жаралышы ыктымал экенин эл аралык байкоочулар бир нече жолу эскертишкен.

Дүйнөлүк саламаттык уюму ооган жергесинде шал оорусуна чалдыккандар былтыр 6 болгонун, ал эми быйыл жыл башынан бери эле 18ге жеткенин жарыялап, сентябрь айында бул илдетке каршы кеңири масштабдагы эмдөө өнөктүгүн жарыялаган.

Өлкөнүн түндүк-батышында баласын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер да бар экени белгилүү.

Полиомиелит адамды шал кылуучу, өлүмгө кептөөчү жугуштуу оору.

Ооганстан жана Пакистан – бул оору толук жоюла элек жалгыз өлкөлөр.

Эл аралык уюмдардын колдоосу менен балдарды эмдеп жүргөн дарыгерлер тобу түрдүү кол салууга учураган, өлтүрүлгөн окуялар бул өлкөлөрдө көп катталат. (RK)

XS
SM
MD
LG