Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

Президент Жапаров "Борбор Азия - Германия" форматын натыйжалуу пайдаланууга чакырды


 "Борбор Азия - Германия" саммити. Астана, Казакстан. 17-сентябрь, 2024-жыл.
"Борбор Азия - Германия" саммити. Астана, Казакстан. 17-сентябрь, 2024-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 17-сентябрда Астана шаарында өтүп жаткан "Борбор Азия - Германия" саммитинде сүйлөп жатып, дүйнөлүк саясатта Борбор Азиянын ролу өсүп жатканын белгиледи.

"Кылымдар бою биздин эл Жибек жолунун боюнда - маанилүү трансконтиненталдык байланыш артериясында ар дайым маанилүү ролду ойногон", - деди президент.

Ал Борбор Азия аймагы Германия үчүн да бирдиктүү экономикалык мейкиндик катары инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө мүмкүндүк берет деген ишеничин билдирди.

Борбор Азия аймагы терроризм, экстремизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана чек ара коопсуздугу сыяктуу чакырыктарга туш болуп жатканын белгиледи. Ошондой эле жалпы аймак үчүн Ооганстандагы туруктуулук жана коопсуздук маселеси да курч экенин, бул жагынан Европа Биримдигинин линиясы боюнча программаларды активдүү ишке ашырууну улантуу маанилүү экенине токтолду.

Жапаров саммитин катышуучуларын "Борбор Азия - Германия" форматын натыйжалуу пайдаланууга чакырды. Ал Германия көп жылдар бою дүйнөлүк экономикада лидерлик позицияны ээлеп келе жаткандыгын белгиледи.

17-сентябрда Казакстандын борбору Астана шаарында "Борбор Азия - Германия" саммити өтүп жатат. Ага Германиянын канцлери, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери катышууда. "Борбор Азия - Германия" саммити алгач 2023-жылы сентябрда Берлинде өткөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG