Садыр Жапаров Бишкекте жашыл энергия боюнча аймактык борбор түзүүнү сунуштады

Кыргызстанын президенти Садыр Жапаров. Астана, Казакстан. 17-сентябрь, 2024-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 17-сентябрда Астана шаарында өтүп жактан "Борбор Азия - Германия" саммитинде сүйлөп жатып, Германия менен бирге Бишкек шаарында Энергияны натыйжалуу жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча регионалдык борбор түзүүнү сунуштады.

Мамлекет башчы аталган борборду түзүү - суу, энергетика жана башка ресурстарды пайдалануунун натыйжасын жогорулатууга, айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтууга жана жалпы аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

"Аймактын климаттык туруктуулугун жогорулатуу жана конкреттүү инфраструктуралык “жашыл” долбоорлорду ишке ашыруу менен аз көмүртектүү өнүгүүгө өтүү боюнча биргелешкен кызматташуу маселелери өзгөчө мааниге ээ болууда. Бул жаатта биз немис өкмөтүнүн “Жашыл Борбор Азия” демилгесинин маанисин белгилейбиз", - деди Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти сөзүндө климаттык өзгөрүү маселеси жалпы көңүл бурууну талап кыларын белгиледи жана аба температурасы көтөрүлүп жатышы Жер шарынын башка аймактарына караганда, Борбор Азия үчүн олуттуу коркунуч болуп саналарын айтты.

Мындан Кыргызстандын тоолуу экосистемасы жабыркап, акыркы 70 жылда Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн аянты 16% кыскарганын айтып, 21-кылымдын аягында мөңгүлөрдүн 80% ашууну жок болушу ыктымалдыгын эскертти. Бул бүтүндөй Борбор Азия аймагында суунун тартыштыгына алып келерин, аймакта калктын туруктуу өсүү жана экономиканын өнүгүү шартында сууга болгон муктаждык ансыз деле көбөйгөнүн билдирди.

Ошол эле учурда Париж келишиминин максаттарына жетүү үчүн климаттык каржылоонун жетишсиздигин, бардык климаттык жана экологиялык чараларды каржылоого мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жоктугун эске алуу менен мамлекеттик карызды “жашыл” долбоорлорго алмашуу мүмкүнчүлүгүн да карап көрүүнү өтүндү.

Бүгүн, 17-сентябрда Казакстандын борбору Астана шаарында "Борбор Азия - Германия" саммити өтүп жатат.

"Борбор Азия - Германия" саммити алгач 2023-жылы сентябрда Берлинде өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери, түркмөн президентинин атасы, Халк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухаммедов барган. (ZKo)

Дагы караңыз

Аба ырайы: Тоолорго кар түшөтЖК комитети Ысык-Көлдө скутерди колдонууга тыюу салууну колдодуӨкмөт аймактагы 17 айыл-аймактардын аталышын кайра өзгөртүүнү сунуштадыБаткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун жыйыны өттүМаданият министрлиги блогер Али Эргешовго эскертүү берди