Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун жыйыны өттү


Топографиялык жумушчу топтун жолугушуусу. 11-17-сентябрь, 2024
Топографиялык жумушчу топтун жолугушуусу. 11-17-сентябрь, 2024

Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуу 11-сентябрдан 17-сентябрга чейин болгон.

Жолугушуунун алкагында тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашты. Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтмөй болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо жыйынтыктоочу баскычка келгенин өкмөттүн 19-августтагы кеңешмесинде билдирген. Мунун алдында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында эки өлкөнүн жарандары өткөн эки-үч транзиттик тилке боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын 5-августтагы маалымат жыйында айткан. Министр кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки-үч айда жыйынтык болорун белгилеген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолукканда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын жарыялашкан.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (КE)

XS
SM
MD
LG