Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Аба ырайы: Тоолорго кар түшөт


18-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 21…26

Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күңдүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 25…27° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 18…20° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 16-сентябрда күндүз 19,8°, 17-сентябрда эртең менен 18,2° түздү.

XS
SM
MD
LG