Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Өкмөт аймактагы 17 айыл-аймактардын аталышын кайра өзгөртүүнү сунуштады


Жайыл районундагы Полтавка айылы. Чүй облусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Жайыл районундагы Полтавка айылы. Чүй облусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облусундагы айрым айыл-аймактарынын аталышын өзгөртүүнү сунуштоодо. Буга байланыштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде каралып, биринчи окууда кабыл алынды.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаевдин айтымында, 4 айыл аймагы жана 13 айылдын атын кайра атоо сунушталууда. Бул мыйзам долбоору жергиликтүү тургундар, жашоочулар, жергиликтүү кеңештер менен администрациялардын чечиминин негизинде иштелип чыкканы белгиленди.

Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев айылдардын атын өзгөртүүнү колдой турганын айтып, бирок адамдын ысымын берүү тажрыйбасынан алыстоого чакырды.

"Мисалы Чүйдөгү Покровка, Военно-Антоновка, Новомихайловка жана Киров айылдарынын аталыштары өзгөрүп жатканын чын эле кубаттайм. Биз тарыхый инсандарды, өлконүн өнүгүшүнө эмгеги сиңген адамдарды инсандарды сыйлайбыз. 17 айыл өзгөрүп жатат. Ошонун 12сине адамдын ысымы берилип жатат. Ушундай практикадан келечекте кетишибиз керек. Бирок аткаруу бийлиги, Министрлер кабинети эске алсаңыздар. Эгер мындай жол менен кетсек соо айылдар калбайт, бардыгын коюп бүтөбүз. Кыргыздарга ушундай оору болуп, чоң атасы, атасынын атын көчөгө, айылга берип калайын деп, ошону жетишкендик катары элестетип алганына таң калам. Мындай идеология болбошу керек", - деди эл өкүлү.

Буга чейин да айыл, район аттары өзгөртүлгөн учурлар болгон. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев былтыр 25-26-ноябрдагы Элдик курултайда Бишкектеги төрт райондун аталышын кыргызчага алмаштырууну сунуш кылган. Анын сөзүнө расмий Москва реакция жасап, Мамлекеттик Думанын депутаттары "Кыргызстанда орус тилин кодулоо болуп жатат" деген билдирүү менен чыкканда, коомчулукта катуу талкуу болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG