Канцлер Шольц немис ишканалары кыргызстандык адистерге кызыгарын билдирди

Кыргызстанын президенти Садыр Жапаров (солдо) жана Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц. Астана, Казакстан. 17-сентябрь, 2024-жыл.

17-сентябрда Астанада Германиянын канцлери Олаф Шольц Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугукканда немис ишканаларын абдан кызыктырган кыргызстандык мигранттардын маселесине токтолду.

Президенттин администрациясы тараткан маалыматта "Шольц эки тараптын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн көптөгөн темалар бар экенин белгиледи. Ал бүгүнкү күндө эң актуалдуу маселелердин бири – немис ишканаларын абдан кызыктырган кыргызстандык адистердин Германияга миграциясына токтолду", - деп айтылат.

Эки тарап саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Европа Биримдигиндеги биздин маанилүү өнөктөшү - Германия менен достук мамилени жогору баалаарын белгилеп, кыргыз-герман кызматташтыгы өнүгүп жатканына канааттануусун билдирди. Мамлекет башчы Германия менен экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, эки өлкө ортосундагы соода алакасы өсүп жатканына токтолду.

Президент Жапаров чет элдик инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө багытында да Германия кыргыз тарап үчүн маанилүү өнөктөш болорун, өлкөсүндө немис компаниялардын тажрыйбасы жана билими жогору бааланарын белгиледи. Кыргыз тарап германиялык инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, инвесторлордун укуктарын коргоону камсыздоого даярдыгын айтты.

Канцлер Шольц Кыргызстан менен кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар жана даяр экенин канааттануу менен белгиледи жана эки тараптын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн көптөгөн темалар бар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылыкка негизделген бардык чөйрөлөрдө кыргыз-немис мамилелерин бекемдөө жана өнүктүрүү багытын улантуу боюнча макулдашууга жетишти.

Шольц менен Жапаровдун жолугушуусунда талкууланган маселелер тууралуу Берлин расмий маалымат тарата элек.

Президент Садыр Жапаров 17-сентябрда Астана шаарында Германиянын бизнес-делегация өкүлдөрү менен да жолугушту жана бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жардам берерине ишенимин билдирди. Кыргызстан германиялык бизнес өкүлдөрү менен активдүү диалогго ачык экенин айтып, өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртууга даяр экенин белгиледи.

17-сентябрда Астанада "Борбор Азия - Германия" саммити өтүп жатат.

"Борбор Азия - Германия" саммити алгач 2023-жылы сентябрда Берлинде өткөн. Ага чөлкөмдөгү беш өлкөнүн лидерлери барган.(ZKo)

Дагы караңыз

Аба ырайы: Тоолорго кар түшөтЖК комитети Ысык-Көлдө скутерди колдонууга тыюу салууну колдодуӨкмөт аймактагы 17 айыл-аймактардын аталышын кайра өзгөртүүнү сунуштадыБаткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун жыйыны өттүМаданият министрлиги блогер Али Эргешовго эскертүү бердиБорбордук жана Чыгыш Европадагы суу ташкындын кесепети