ЖК комитети Ысык-Көлдө скутерди колдонууга тыюу салууну колдоду

Ысык-Көл жээги. Архив.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 17-сентябрда Ысык-Көлдө гидроскутерлерди колдонууга тыюу салууга байланыштуу мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.

Демилгечи депутаттардын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов бул адам өмүрүн алган кырсыктар көп катталганын белгилеп, эң оболу экологияны сактоо максатында иштелип чыкканын белгиледи. Бул туристтердин агымына таасирин тийгизбей турганын айтты.

Талкуу учурунда депутат Исхак Масалиев тыюу салууну бир эле Ысык-Көлдө эмес, башка көлдөрдө жана суу сактагычтарда да колдонуу жагдайын белгиледи. Ошондой эле аны колдонуунун бирдиктүү эрежелерин тактоону сунуштады. Айрым депутаттар скутер эле эмес катер сүзүп кеткен учурлар катталганын белгилеп, аларды колдонуу үчүн атайын жайды белгилөө зарыл деген пикирин айтышты.

Талкууда бир жылда скутер катышкан канча кырсык катталып, канча киши жабыркаганы тууралуу маалымат айтылган жок.

Ысык-Көлдө скутер сүзүп, адам өмүрү кыйылган учурлар катталган. Былтыр Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде скутердин айдоочусу көлдүн үстүндө “таблетка” баллонун сүйрөтүп бара жатып теплоходго урунган. Андан үч адам денесинен жараат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жеткирилген. Натыйжада 19 жаштагы кыз, 23 жаштагы жигит 24-июлда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. (КЕ)

Дагы караңыз

Өкмөт аймактагы 17 айыл-аймактардын аталышын кайра өзгөртүүнү сунуштадыБаткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун жыйыны өттүМаданият министрлиги блогер Али Эргешовго эскертүү бердиПутин армиянын штаттык санын көбөйтүү жарлыгына кол койду