Маданият министрлиги блогер Али Эргешовго эскертүү берди

Али Эргешев 2023-жылдын май айында болгон бейбаштык окуясы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган учуру. 13-февраль, 2024-жыл.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Эл билсин" аталышындагы YouTube каналын караган, өзүн журналист деп тааныштырган Али Эргешовго эскертүү берди. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты. Эскертүү аталган каналда жарыяланган "9 жаштагы кызга чын эле ыдык көрсөткөнбү?" деген аталыштагы видеого байланыштуу берилген. Маданият министрлиги "мында анык эмес маалымат камтылган репортаж жаряланган" жана журналисттик ишке байланыштуу мыйзамдардын талаптары одоно бузулган деп тапкан.

"Жарыяланган бул видеоматериалдын башында ыдык көрдү деген кыздын апасынын сөзүнөн үзүндү коюлуп, анын артынан 4 адамдын пикири тизмектелген. Алар бир ооздон шектүүнүн жакшы адам экенин айтышкан. Бирок материалдын өзүндө ал адамдардын толук пикири колдонулган эмес. Муну менен автордун жабырлануучу тараптын дооматын жокко чыгарууга аракети байкалат. Кыска айтылган мактоо сөздөрү көрүүчүнү манипуляциянын курмандыгы кылышы ыктымал. Автор материалды даярдоодо аудиторияга өзүнүн пикирин бир нече ирет таңуулаган. Ал “ыдык көргөн кыз ыйламак, качмак, ызы-чуу салмак”, — деп бүтүм чыгарып, бул багытта адистердин, эксперттин пикирин же расмий мекемелердин маалыматын уккан эмес. Мындай жагдай материалдын бейтараптуулугунан күмөн жаратат. Кесиптик этиканын 8-пунктундагы талаптарды бузуп, окуяны бир тараптуу чагылдырган", - деп жазылган Маданият министрлигинин маалыматында.

Министрлик Балдар жөнүндө кодексинде жашы жете электердин укугу өзгөчө корголгонун, алардын келечегине зыян келтирбөө үчүн Журналисттин Этикалык кодексинин 12-пунктунда балдарга байланыштуу маселелерди чагылдырууда өзгөчө этият болуу зарылдыгын эскерткен.

Жогоруда айтылган материалда видеобайкоого жазылган видеолор колдонулуп, жашы жете элек балдардын бети жабылган эмес. Министрлик Али Эргешовдон YouTube каналына жарыяланган жогоруда аталган материалды ыкчам алып салууну талап кылган. Бул көрсөтмө аткырылбаса, Кыргызстандын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чаралары көрүлөрү белгиленген.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы жашы жете электерге карата 406 оор жана өзгөчө оор кылмыш жасалганы аныкталган. Анын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда катталган.

Кылмыш иштеринин 160ы зордуктоого байланыштуу.

Али Эргешев Ютубдагы “Эл билсин” каналын иштетет жана бул долбоордун автору. Ал Кыргызстандагы тамактануучу жайлардын санитардык абалы, мамлекеттик мекемелердин калкка көрсөткөн кызматынын сапаты тууралуу видеолорду жарыялап келген. Ар кандай мыйзам бузуулар тууралуу элдин кайрылууларын чыгарат.

Каналдын 130 миңге жакын катталуучусу бар.(КЕ)

Дагы караңыз

Путин армиянын штаттык санын көбөйтүү жарлыгына кол койдуЕвропадагы суу ташкындан каза болгондордун саны 15ке жеттиОрусия: Рейд учурунда кармалган 92 мигрант аскер комиссариатына чакыруу алдыИрандык укук коргоочу "гендердик апартеидди" токтотууга чакырды