Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Европадагы суу ташкындан каза болгондордун саны 15ке жетти


Чехиянын түндүк-чыгышындагы суу ташкын.
Чехиянын түндүк-чыгышындагы суу ташкын.

Борбордук жана Чыгыш Европада селдин айынан өмүрү кыйылгандар соңку маалыматтарга караганда кеминде 15 адамга жетти. Дем алыш күндөрү Чехияда чейрек миллион кожолук электр жарыгысыз калды. Эң начар абал өлкөнүн чыгышында – Моравия менен Силезияда болууда. Куткаруучулар Опава, Есеник, Крнов жана башка шаар тургундарынын бир бөлүгүн жана үй жаныбарларын эвакуациялашты.

Күбөлөр бул аймактагы урап калган, талкаланган тамдар менен унаалар, байланыштын жана ичүүчү суунун жокту тууралуу айтып жатышат.

"Свабода" радиосу Опава шаарынын 7-сентябрь менен 15-сентябрга карата спутниктен тартылган сүрөттөрүн салыштырды. Сүрөттөрдөн көп кабаттуу турак жайдан турган районго суу кантип жайылып кеткенин көрүүгө болот. Бул жерден айрым тургундар эвакуацияланган, бирок көбү үйлөрүн жана батирлерин таштап кетүүдөн баш тартышкан. Чехияда бир нече маанилүү жолдор жабык бойдон калууда. Темир жолдогу чектөөлөр сакталууда, көп аймактарда поезддердин кыймылы токтотулду. Куткаруучулар темир жолдогу кулаган дарактарды тазалоо, жүргүнчүлөрдү эвакуациялоо жана жабыркагандарга жардам берүү иштерин улантууда.

Чехиянын ири өнөр жай шаары Остравада абал оор бойдон калууда.

Жолдор тосулуп, поезддердин каттамдары чектелген. Куткаруучулар шаардын бир аймагынан 500дөн ашык адамды эвакуациялашты.

Бирок дүйшөмбүнүн кечинде Чехиянын бир катар аймактарында суунун деңгээли төмөндөй баштаганы кабарланды.

Прага бийлиги Чехиянын баш калаасында абал туруктуу экенин, бирок суу ташкынына байланыштуу чектөөлөр сакталып жатканын билдирди. Ошондой эле шаар бийликтери жер кыртышынын эрозиясынан жана бак-дарактар кулап калуу коркунучунан улам тургундарды сейил бактарда сейилдөөдөн баш тартууга, өзгөчө кырдаалдар кызматынын кыймылына тоскоол болбоо үчүн жеке унааларды колдонууну чектөөгө чакырды.

Чехиянын жашоочулары улам камсыздандыруу компанияларына суу ташкынына нон миллиондогон крон суммасындагы жүздөгөн учурлар тууралуу билдиришкен, бирок келтирилген зыяндын так суммасы азырынча эсептеле элек.

Польша өкмөтү дүйшөмбү күнү өзгөчө суу ташкынынан жапа чеккен Польшанын түштүк-батышындагы Чехия менен чектеш аймактарда табигый кырсык абалы деп жарыялады. Ал жерде сел бир нече дамбалары талкаланган.

Глухолазы шаарында абал оор экени айтылды. Эң катуу жабыркаган шаарлардын бири Кладско, анда миңдеген адамдар электр жарыгысыз жана байланышсыз калган.

Румыниянын чыгышындагы Галац уездинде сел 12 калктуу пунктту каптаганы, кээ бир жерлерде суунун деңгээли 1,5 метрге чейин көтөрүлгөнү, кеминде алты кишинин өмүрү кыйылганы, дагы эки киши дайынсыз экени маалымдалды. Жүздөгөн адам конуштарын таштап, коопсуз делген жатаканаларга, убактылуу лагерлерге жайгаштырылды.

Австриянын Дунайдын куймасы болгон Трайзен дарыясынын жээгинде 25 миңден ашуун калкы бар Лилиенфельд шаары байланышсыз калды. Бул өлкө дагы бир нече плотина жарылганын белгилөөдө. Венада суунун деңгээли көтөрүлүп, метронун кээ бир линиясы жабылды.

Венгрия суу ташкынын алдын алуу чараларын көрүп, Дунайдын жээгин кум толтурулган каптар менен бекемдөө иштери жүрүп жатат.

"Борис" циклонунан Германия менен Словакия дагы жапа чеккен. Жаан-чачындуу аба ырайы шейшембиге чейин уланат.

XS
SM
MD
LG