Орусия: Рейд учурунда кармалган 92 мигрант аскер комиссариатына чакыруу алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда мигранттарга каршы кезектеги рейд жүргүзүлүп, Красноярск крайынын административдик борборунда жергиликтүү базарлардан 520 киши кармалганын аймактын ички иштер бөлүмү билдирди.

Миграция эрежелеринин, чек ара режиминин бузулушуна, мыйзамсыз жүргөндүгүнө жана иштегендигине байланыштуу деген негизде чет элдик 24 жаранга карата административдик протокол түзүлдү. Жапырт рейддер «Южный» жана «Луч» базарларында өттү.

Кармалган мигранттардан «кылмышка тиешеси бар же жогун аныктоо» үчүн анализ алынганы кабарланды. 417си чет элдик жарандар, арасында Азербайжандан, Кыргызстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан баргандар бар. Кеминде жети киши өлкөдөн чыгарылып, калгандары административдик жазага тартылары белгилүү болду.

92 кишинин орус жарандыгы бар экени аныкталды, аларга күч кызматкерлери аскердик комиссариатка чакыруу кагазын тапшырышты.

Быйыл 31-июлда Мамлекеттик Дума орус жарандыгын алгандан кийин милдетүү түрдө аскердик каттоого туруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырып, кабыл алган. Анда мындай талапты аткарбагандарды жарандыктан ажыратуу каралган.

Украинада жүрүп жаткан согушка барууну каалабаган мигранттарды жарандыктан ажыратууну былтыр күзүндө Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин сунуш кылган. Ошондон кийин Орусияда эмгек мигранттары боюнча рейддер күчөгөн. Жарандыктан ажыратуу башталганы жана алардын көбү Борбор Азиядан барган мигранттар экени былтыр жыл соңунда кабарлаган.

Орусияда мигранттарды согушка тартуу күчөп, алтургай абактардан алып кетип жатканы белгилүү. "Азаттык" "Вагнер" жалданма тобунун катарында Украинадагы согушка барып, окко учкан кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. 2022-жылы бул сан 587 миң болчу. (RK)

Дагы караңыз

Дустум Ооганстандын "Талибанга" каршы өкмөтүн түзүүгө чакырды Тыгын, жер, Ататүрк, таштанды. Мэр Жунушалиев жана анын талаштуу реформасы Ирандык укук коргоочу "гендердик апартеидди" токтотууга чакырдыКыргыз-кытай чек арасы 17-сентябрда бир күнгө жабылат