Германиянын Көлн шаарынын борбордук бөлүгүндө жарылуу болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Германиянын Көлн шаарынын борбордук бөлүгүндө 16-сентябрда эртең менен жарылуу болуп, айрым жолдор убактылуу жабык турду. Deutsche Welle жазгандай, полиция азыркы тапта түнкү клубдардын биринде болгон окуянын чоо-жайын териштирүү боюнча атайын масштабдуу операция жүргүзүүдө.

Соңку маалымат боюнча, бир киши жеңил жараат алды. Полиция жардыруу атайын уюштурулган болушу ыктымал экенин билдирди. Видео көзөмөл камераларынын жазуулары текшерилип, кылмышкерди аныктоо аракети көрүлүүдө.

Шаардын полиция башкармалыгы X социалдык түйүнү аркылуу жергиликтүү тургундарга жана калаанын конокторуна кайрылып, этият болууга жана жарылуу болгон жерге барбай коё турууга чакырды. (RK)

Дагы караңыз

Европанын айрым өлкөлөрүн сел каптап, кеминде 11 киши каза болдуБаткенде чек ара окуяларында курман болгондор эскерилди Кыргыз улуттук университетинин ректору алмаштыКыргызстанда 206 миңдей жаран пенсиянын топтомо бөлүгүндөгү акчасын алды