Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Кыргызстанда 206 миңдей жаран пенсиянын топтомо бөлүгүндөгү акчасын алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык фонддун 16-сентябрдагы маалыматына караганда, 1-сентябрга чейин пенсиянын топтомо бөлүгүндөгү каражатын 205 688 жаран алган. Бул үчүн жалпы 3 млрд 957 млн 200 миң сом сарпталды.

Пенсиялык топтомо бөлүгүндөгү акчасын 183 465 адам пенсия курагына жеткени үчүн алган. 3 983 адамга чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу берилген. 10 726 адам каза болгон адамдардын топтомо пенсияларын мураскор катары жана 905 аскер кызматкери алган. Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган 222 адам жана 427 жаран оор оорусуна байланыштуу топтомо пенсиялык бөлүгүндөгү каражатын алган.

Мындан тышкары ипотекалык насыя алып жаткан 366 адам, ипотекалык насыя алган 5 508 адамга жана ижарада жашоо үчүн 78 адам пенсиялык топтомосун алган. Турак жай курулушунда үлүшкөр катары турган сегиз адамга пенсиялык топтомо акчасы берилген.

Социалдык фонддун маалыматына караганда, пенсиялык топтоо каражаттары пенсия курагына жеткен жарандарга, Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткен же кетип жаткан жарандарга берилет. Ошондой эле каза болгон жарандын эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу.
Мамлекеттик пенсиялык топтомо фондунун эсебинде акчасы бар аскер кызматкерлери алса болот.

Аны ипотекалык насыя алган жана алып жаткандар, ошондой эле банк кепилдигин берүү менен үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөр, пенсиялык топтоо каражаттарын баштапкы төгүмдү каржылоо жана ипотекалык насыясын төлөө үчүн колдоно алышат.


Мындан тышкары расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар, оор дартка кабылгандар жана алардын үй-бүлөлөрү ала алышат.

Кыргызстанда пенсия эки бөлүктөн топтолот. Биринчиси - базалык бөлүгү. Экинчиси - пенсиянын топтомо бөлүгү.

Социалдык фонддун 2024-жылдын 1-майдагы эсебинде, Кыргызстанда 779 миң пенсионер бар. Алардын төрт жүзү айына 50 миң сомдон көп пенсия алат.

Мекеме 1-октябрга карата пенсионерлердин саны 787 миңге жетет деп болжолдоп жатат.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, 2023-жылы Кыргызстанда пенсия курагындагылардын керектөө жашоо минимуму 6816 сомду түздү. 1-июлдан тарта өлкөдө эң аз пенсия 3600 сомго көтөрүлгөн, 1-октябрдан тарта бул көрсөткүч 6900 сомго чыгарылары кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG