Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Баткенде чек ара окуяларында курман болгондор эскерилди


Эскерүү иш-чарасы. Баткен. 16-сентябрь, 2024-жыл
Эскерүү иш-чарасы. Баткен. 16-сентябрь, 2024-жыл

Баткен шаарында 2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарында курман болгондор эскерилди.

Маркумдарга арналган эстелик алдында уюштурулган иш-чарага каза болгон жоокерлердин ата-энелери, жакындары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Куран окулуп, бата кылынды.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Абдикарим Алимбаев сүйлөгөн учурда чек ара маселеси жакын арада чечилерин айтты:

“Чек араны тез арада чечүү үчүн мамлекет жетекчилиги тынымсыз аракет жасап жатат. Чек ара жакын арада чечилет. Андан кийин Баткендин өнүгүүсү дагы да тездейт. Мекен үчүн курман болгондорго таазим кылабыз”, - деди ал.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек аранын тактала электигинен улам 2021-жылы 29-апрелинде, 2022-жылы 14-17-сентябрда ортодо кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан.

Бул окуядан кийин эки тараптан чек араны тактоо иштери активдешкен. Өткөн айда 972 чакырымдай кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек төрт пайыз гана бөлүгү калганы айтылган. (JsA)

XS
SM
MD
LG