Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Кыргыз улуттук университетинин ректору алмашты


Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Төлөбек Абдырахманов Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматы Абдырахманов өзү берген арызынын негизинде кызматынан алынганын билдирди.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Догдурбек Чонтоев аталган окуу жайдын ректору болуп дайындалды.

58 жаштагы Чонтоев - география илимдеринин доктору, профессор. Кыргызстандын билим берүүсүнүн отличниги.

КМУнун география (1991), юридика (1997) факультеттерин бүтүргөн. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окутуучу, кафедра башчысы, Табиятты колдонуу жана туризм институтунда директор, ошол эле жерде декан болуп иштеген. М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин менежмент жана туризм факультетинде декан, билим берүүнүн сапатын сактоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Негизги илимий эмгектери туризм географиясына арналган. 40тан ашуун илимий эмгектин, үч окуу-методикалык куралдын жана эки монографиянын автору.

Төлөбек Абдырахманов Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп 2022-жылдын августунан бери иштеп келаткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG