Садыр Жапаров жаңы "Ош базарын" куруу келерки жылы бүтөрүн билдирди

Турак жай кварталын, “Ош базарынын” жаңы комплексин, жаңы Батыш автобекетин жана башка социалдык объектилерди камтыган көп функционалдуу шаарчанын долбоору.

Президент Садыр Жапаров жаңы "Ош базарын" куруу кызуу жүрүп жатканын билдирди. Ал 15-сентябрда Фейсбуктагы баракчасына "келерки жылдан баштап соодагерлерибиз жабык, заманбап, баардык шарттары бар базардын ичинде төрт мезгил бою жылуу-жумшак соода кыла баштайт",- деп жазды жана курулуштун жүрүшү тартылган кыска видеолорду кошо жарыялады.

Бишкек шаардык мэриясы июль айында турак жай кварталын, “Ош базарынын” жаңы комплексин, жаңы Батыш автобекетин жана башка социалдык объектилерди камтыган көп функционалдуу шаарчанын курулушу башталганын билдирген.

Комплекс Фучик көчөсүнүн батыш тарабында, Бишкектен аэропортту көздөй бараткан жолдун жээгинде жайгашары маалымдалган. Болжолдонгон аймактын жалпы аянты 162 гектарды түзөт.

Курулуш үчүн шарттуу түрдө сунушталган жер үч чоң аймакка бөлүнөт. Биринчиси соода, экинчиси өнөр жай жана үчүнчүсү турак жай зонасы болот. Алардын баары парк аймактары менен бөлүнөт.

"Ош базарын" шаардын чет жакасына көчүрүү идеясы мурдатан айтылып келген. Бул анын айланасындагы тыгынды азайтуу, калаанын бул бөлүгүн иретке келтирүү жана башка максаттарды көздөй турганы кеп болгон. Базарды көчүрүүгө айрым соодагерлер каршы чыгышкан.

Мурдагы мэр Эмилбек Абдыкадыров 2023-жылы “Ош” базары, “Сары-Өзөн” базары, Чыгыш жана Батыш автобекеттери шаардын сыртына жылдырыларын билдирип, аэропортко бараткан жолдо жер тилкеси бөлүнгөнүн маадымдаган.

Дагы караңыз

УКМК паракорлорго жазаны күчөтүү каралган мыйзам долбоор даярдады Ош: зомбулук көрдү деген бала ата-энесинен убактылуу ажыратылдыОш казыяты түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аялдарды дагы тартат"Чоң жети" Ирандан Орусияга курал берүүнү токтотууну талап кылдыДСУ маймыл чечегине каршы алгачкы вакцинаны жактырды Орусия менен Украина 103-103 форматында туткун айырбаштадыКыргызстан Кытайдын жасалма жамгыр жаадыруу ыкмасын үйрөнөтСадыр Жапаров элди таштанды маселесинде кайдыгер болбоого чакырдыВашингтондо Киевге алыска учкан ракетаны колдонууга жол ачкан чечим кабыл алган жок