Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

ДСУ маймыл чечегине каршы алгачкы вакцинаны жактырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) маймыл чечеги деген ат менен таанылган mpox вирусуна каршы алгачкы вакцинаны жактырды. Бул тууралуу Voice of America сайты кабарлады.

Сөз даниялык Bavarian Nordic фармацевтикалык компаниясынын MVA-BN вакцинасы тууралуу болуп жатат. Бул препарат башында “Анкара” деген коддук аталышта кадимки чечекке каршы вакцина катары Канада менен Европа Биримдигинин аймагында каттоодон өткөн.

Кадимки чечекке каршы вакциналар буга чейин деле калкты mpoх вирусуна каршы эмдөөгө колдонулуп келген. Бирок MVA-BN биринчи жолу маймыл чечекке каршы сайууга уруксат берилди.

Августта ДСУ Африкадагы mpox эпидемиясын эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган жана азыркы катталып жаткан штамм кооптуураак экенин белгилеген.

MVA-BN вакцинасын 18 жаштан жогоркуларга, төрт жуманын аралыгында эки доза менен сайуу сунушталып жатат.

Маймыл чечеги Clade 1 жана Clade 2 деп эки түргө бөлүнөт. Адистердин айтымында, Clade 1 тез жайылат жана андан өлүмгө учурагандар көп болууда.

Африкада эпидемияга айланган маймыл чечеги алгачкы жолу бул өлкөдөн тыш аймакта да катталганы 16-августта белгилүү болгон. Швециянын Саламаттык сактоо министрлиги денени калтырак басып, ыйлаакча каптаган бул инфекцияга чалдыккан киши ооруну Африкага барганда жуктуруп алганын, ага Стокгольм шаарындагы ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын маалымдаган.

Ошол эле күнү бул вирус Пакистанда да аныкталганы кабарланган. Вирус табылган бейтап Перс булуңундагы өлкөлөрдүн биринен барганы айтылган.

Илдеттин жайылышы 2023-жылы январда Конго Демократиялык Республикасында башталган. Ошондон бери mpox бул өлкөдө 27 000ден ашуун адамда катталды. 1100 киши каза болду, алардын көбү балдар.

2022-жылы ДСУ расизмге жана стигматизацияга каршы күрөшүү үчүн маймыл чечегинин анлисче аталышын "Monkey pox" деген сөздөн mpox деп кыскартып, расмий жарыялаган.

Оору, дарыгерлердин айтымында, теридеги бүдүр, кийим, төшөнчү жана биологиялык суюктук аркылуу жугат.

XS
SM
MD
LG