УКМК паракорлорго жазаны күчөтүү каралган мыйзам долбоор даярдады

Улуттук коопсуздук комитети

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун даярдады жана ал коомдук талкууга коюлду.

Документте коррупция беренеси менен соттолгон жарандардын мамлекеттик кызматтарда иштешине өмүр бою тыюу салуу каралган. Ошондой эле андай адамдардын жакындары, жакын туугандары дагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт. Бул берене менен кармалгандарга жаза катары айып пул салуу жагы алынып салган. Күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымды төлөп бергенден кийин дагы берилген жаза мөөнөтүнүн теңин өтөп бүтмөйүнчө абактан бошотулбайт.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн айда өлкөдө ипотекалык үйлөр коррупциядан жана уюшкан кылмыштуу топтордон өндүрүлгөн каражатка салынып жатканын билдирген. Андан мурдараак, июлда ал атайын кызматтын жарым жылдык ищинин жыйынтыгын чыгарып жатып бюджеттен уурдалган 70 миллиард сомдон ашык акчанын 50 миллиарды өндүрүлгөнүн жарыялаган.

УКМК бул каражат кайсы иштерге байланыштуу кимдерден өндүрүлгөнү тууралуу кеңири маалымат берип, чоо-жайын айткан эмес. Коомчулукта коррупцияга каршы күрөш ачык-айкын, кармалган шектүүлөрдүн мамлекетке төккөн каражаты мыйзам чегинде болушу керек деген пикирлер айтылып келет.

Дагы караңыз

Ош: зомбулук көрдү деген бала ата-энесинен убактылуу ажыратылдыОш казыяты түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аялдарды дагы тартат"Чоң жети" Ирандан Орусияга курал берүүнү токтотууну талап кылдыДСУ маймыл чечегине каршы алгачкы вакцинаны жактырды Орусия менен Украина 103-103 форматында туткун айырбаштадыКыргызстан Кытайдын жасалма жамгыр жаадыруу ыкмасын үйрөнөтЕвропада айрым өлкөлөр суу ташкындын алдын алууга аракет кылып жатат Садыр Жапаров элди таштанды маселесинде кайдыгер болбоого чакырдыВашингтондо Киевге алыска учкан ракетаны колдонууга жол ачкан чечим кабыл алган жок