Ноокат автобекети муниципалдык менчикке кайтарылды

Ноокен Автобекети.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ноокат шаарында 350 миллион сомдук административдик имараты бар жер тилкеси "Ноокат автобекети" мамлекетке кайтарылды.

Атайын кызмат 13-сентябрда тараткан кабарга ылайык, 2000-жылдары жалпы аянты 0,52 гектар "Ноокат автобекети" мыйзамсыз менчиктештирилгени тергөөдө аныкталган.

Андан бери автобекет катары колдонууга шарт түзүлбөй, коммерациялык максатта колдонулганы айтылган маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, "Ноокат автобекетинин" азыркы ээлери - беш киши мыйзам бузууну моюнга алган жана имаратты шаардык мэриянын балансына өткөрүп беришкен.

Буга чейин УКМК Балыкчыдагы, Токмоктогу, Өзгөндөгү автобекеттер мамлекетке кайтарылганын кабарлаган.

Дагы караңыз

АКШ Орусиянын Курскидеги контрчабуулун "олуттуу эмес" деп мүнөздөдүАла-Букадагы мушташта ок атылып, бир адам жабыркадыУкраина төрт облусу Орусиянын дрон чабуулуна кабылганын билдирди