Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

АКШ Орусиянын Курскидеги контрчабуулун "олуттуу эмес" деп мүнөздөдү


АКШнын Коргоо министрлиги Орусиянын Курскидеги контрчабуулун «олуттуу эмес» деп эсептей турганын 12-сентябрда Пентагондун өкүлү Патрик Райдер билдирди. Ошону менен катар ал Кошмо Штаттар Украинага Орусиянын чабуулдарына каршы туруу үчүн жардамын уланта берерин кошумчалады.

Ал тапта орус бийлиги Курск облусунда, украин аскерлери ээлеп турган аймакка жакын жерге 106-десанттык аба дивизиясынын кошумча бөлүктөрүн жайгаштырып жатканын 12-сентябрдын жыйынтыгы менен АКШдагы Согушту изилдөө институту (ISW) билдирди.

Институттун маалыматына караганда, ал жакка орус армиясынын тажрыйбалуу бөлүктөрү украиндерге каршы контрчабуулдарга колдоо көрсөтүү максатында жөнөтүлүүдө.

106-дивизиянын бөлүктөрү Снагость кыштагынын түндүк-батышындагы контрчабуулга катышып жатканы тууралуу видеолор жарыяланганы кабарланды.

«Орус өкмөтү Курск облусунда украиндерге каршы буга чейин күжүрмөн даярдыгы жана жабдылышы анча эмес, аскерге жаңы чакырылган жоокерлерине таянып келген. Эми украин аскерлерин толук сүрүп чыгарыш үчүн кошумча күч жана тажрыйба зарыл болуп жатканы анык», - деп айтылды институттун маалыматында.

11-сентябрда украиналык DeepState OSINT ресурсу Орусиянын Курск облусундагы айрым жерлерди көзөмөлдөп турган украин аскерлеринин абалы оорлогонун жазган.

Украин аскерлери Орусиянын чектеш Курск аймагына 6-августта кирип барышкан. Киев Курск операциясы башталгандан бери бул облустун дээрлик 1200 чакырымдай тилкесин көзөмөлгө алууга жетишкенин билдирген. Негизги максаты өз жерин Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү, согуш жана жоготуу деген эмне экенин орус тарапка да жеткирүү экенин белгилеген.

Орусия айрым райондорун украиндер ээлеп алганын, бир нече жараны каза тапканын тастыктап, ал жакта өзгөчө кырдаал жарыялаган, жергиликтүү тургундарын эвакуациялаган.

12-сентябрда Орусиянын Коргоо министрлиги Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск облусунда украин аскерлерине каршы контрчабуул жүргүзүп жатканын расмий ырастады. Мекеменин маалыматында «эки сутка ичинде 10 калктуу пункт, анын ичинде Снагость кыштагы бошотулганы» айтылган.

Украин президенти Владимир Зеленский 12-сентябрда Киевде Литванын башчысы Гитанас Науседа менен жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып орус аскерлери Курск облусунда контрчабуул баштаганын тастыктаган.

Ал "Бардыгы биздин украин тараптын планы боюнча жүрүп жатат", - деди, бирок андан башка эч нерсе тактап айткан жок. (RK)

XS
SM
MD
LG