Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Украина төрт облусу Орусиянын дрон чабуулуна кабылганын билдирди


Украина.
Украина.

Украинада Орусиянын 12-сентябрдагы аткылоосунан Сумы облусунун бир тургуну каза болгонун аймактын администрациясы билдирди. Бейшемби күнү, облустук бийликтин маалыматына караганда, орус армиясы бул аймакты авиабомба, артиллерия, согуштук дрон жана миномет менен аткылады.

Ал эми Харьков облусунун Боровая кыштагы кайрадан аткылоого кабылып, үч кишинин өмүрү кыйылганы маалымдалды.

13-октябрга караган түнү Орусия оккупациялап алган Крым жарым аралынан Украинанын Одесса облусун учкучсуз учактар менен бутага алганын аймактык администрациянын башчысы Олег Кипер билдирди.

Анын айтымында, дрон сыныктары түшкөн жерде бир киши жараат алды, айрым үйлөр жана машиналар талкаланды.

Ал эми Одесса менен чектеш Николаев шаарында, мэр Александр Сенкевич билдиргендей, Орусия учурган согуштук дрондордун сыныгы түшүп, азык-түлүк ишканасынын аймагында өрт чыкты.

Жалпысынан, жумага караган түнү Орусия Украинанын Николаев, Одесса, Хмельницк жана Ивано-Франков облустарынын аймагына Shahed дрондорунан 26ны учурганын, анын 24үн атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн өлкөнүн Аба күчтөрү маалымдады.

Фронтто, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, соңку суткада жалпысынан 11 багыт боюнча 143 жолу кагылышуу болду, Курахово багытында 64 чабуулдун мизи кайтарылды, орус аскерлери Константиновка жана Георгиевка кыштактарынын тушунда чабуулдарын активдүү жүргүзүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG