Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Ала-Букадагы мушташта ок атылып, бир адам жабыркады


Ички иштер министрлиги Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылында ок атылган окуя боюнча маалымат берди. Ага ылайык, 12-сентябрда болжол менен 17:00гө жакын айылдын ортосунда белгисиз жарандар унаанын артынан кууп келип, ок чыгарганы тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Райондук милициянын жетекчилиги окуя болгон жерге барганда болжол менен 25-30 жаштардагы балдар өз ара уруша кетип, алардын бирөө трамватикалык курал менен ок чыгаргандыгы аныкталган. 25 жаштагы А.Э. аттуу жаран жараат алып, оорукага жеткирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды.

Окуяга шектелип Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 30 жаштагы К.Н аттуу тургуну кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Милиция кылмышка шектүү буга чейин Орусияда каракчылык фактысы менен соттолгонун билдирүүдө.

Окуяны айыл тургундары тартып алып, милицияга кабар берген. Интернетке жарыяланган видеодо адамдардын кыйкырыгы, ок атылган дабышты угууга болот.

Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG