Чаткалда кармалган жаран "Азаттыкта" иштеген эмес

"Азаттыктын" эн белгиси

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облусунда тоо-кен ишканасынан 200 миң АКШ долларын талап кылууга шек саналган кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалганын билдирди.

13-сентябрда атайын кызмат тараткан маалыматта кармалгандар Чаткал районунун мурдагы акими Н.А., милициянын мурдагы тергөөчүсү И.Н.А. жана "Азаттык" радиосунун мурдагы журналисти Н.А.К. экени айтылат. Атайын кызмат алардын көздөрү кара сызык менен жабылган сүрөттөрүн да кошо жарыялады.

"Азаттык" радиосу Н.А.К аттуу жаран журналист болуп эч качан иштебегенин, атайын кызмат тараткан маалыматта ката кетип калганын билдирет.

УКМКнын маалыматында шектүүлөр Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен иштерине тартылган чет элдик инвесторлордон 200 миң АКШ доллар акчаны опузалап, ишке тоскоолдук жаратып коркутканы белгиленген. Быйыл июлда 60 миң долларды алып, калган сумманы талап кылып жүргөнү айтылат. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар атайын кызматтын тергөө абагына камалды.

Дагы караңыз

Украина төрт облусу Орусиянын дрон чабуулуна кабылганын билдирди Ала-Букадагы мушташта ок атылып, бир адам жабыркадыУКМК Азимбек Бекназаровдун кармалышы боюнча маалымат берди