Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:56

УКМК Азимбек Бекназаровдун кармалышы боюнча маалымат берди


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) саясатчы Азимбек Бекназаровдун кармалышы боюнча маалымат берип, ал кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча кармалганын билдирди. УКМК тараткан маалыматка караганда, 2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Атайын кызмат тергөөнүн жүрүшүндө Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаровдун укук коргоо органдары камакка алган ири суммадагы акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алууга катыштыгы бар экендиги аныкталганын билдирүүдө.

"Тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар Азимбек Бекназаров Ысык-Көлдүн курорттук аймагынан, Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу жана аларды башка адамдарга каттоо аркылуу кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын мыйзамдаштырганын айгинелейт", - деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Бекназаров Кылмыш-жаза кодексинин "Легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо" (222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда) беренеси боюнча шектелип, кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мыйзамда белгиленген мөөнөттө Бекназаровго тиешелүү айып тагылып, сот тарабынан анын баш коргоо чарасы тандала турганы белгиленген.

Саясатчы Азимбек Бекназаровду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети суракка чакырып, камакка алганын уулу Руслан Бекназаров 12-сентябрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирген.

Ал бүгүн, 13-сентябрда Азимбек Бекназаров кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого шектелип жатканын, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Темир Сариев, Алмазбек Атамабев менен болгон телефон сүйлөшүүлөргө байланыштуу экенин журналисттерге билдирген.

Анын айткандарына караганда, Азимбек Бекназаров буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке эки жолу сурак берген. Биринчи жолкусунда Сариев, экинчисинде Атамбаев менен сүйлөшүү тууралуу сураган. Үчүнчү жолу суракка чакырган учурда кармаган.

2010-жылы Убактылуу өкмөт өкүлдөрү Алмазбек Атамбаев менен Азимбек Бекназаровдуку делген адамдардын бажы кызматынын жетекчилигине дайындоодо 400 миң доллар пара алуулар жөнүндө сүйлөшкөнү ачыкка чыгып кеткен. Анда Азимбек Бекназаров Алмазбек Атамбаевди “400 миң доллар пара алгансың” деп айыптаган. Кийин Атамбаев маалымат жыйын өткөрүп, ушундай сүйлөшүү болгонун мойнуна алган. Бирок Бекназаровдун “400 миң доллар пара алгансың” деген сөзү чындыкка жатпай турганын белгилеген.

Анын алдында интернет айдыңына Убактылуу өкмөттүн өкүлү Темир Сариев менен Азимбек Бекназаровдуку делген телефон сүйлөшүүсү да чыгып кеткен. Анда бир миллион доллардын изин жашыруу тууралуу кеп болгон. Темир Сариев бул сүйлөшүү тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип, каражат өлкөнүн коопсуздугу үчүн жумшалганын айткан. Кийин бул жаңжал бир нече жолу көтөрүлүп, Башкы прокуратура текшергени кабарланган.

Азимбек Бекназаров 2022-жылы 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Биринчи май райондук соту быйыл 14-июнда аны актаган. Аны менен кошо камалган 20дан ашык саясатчы, активисттердин баары акталган. Аларга “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып тагылган. Райондук соттун чечимине мамлекеттик айыптоо макул болбой, учурда бул иш Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.

68 жаштагы Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаты, баш прокурор, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматын аркалаган. Ал учурдагы бийликке оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын бири. (КЕ)

XS
SM
MD
LG