Кабулда аял укугун коргоону талап кылган чакан акция өттү

Ооганстан. Архивдик сүрөт.

Ооганстандын борбору Кабул шаарында аялдар укугун коргоо жана «Талибандын» аялдарга карата жүргүзүп жаткан саясатын эл аралык деңгээлде айыптоо талабын койгон акция өттү. «Азаттыктын» ооган кызматы жазгандай, 11-сентябрда ондон ашуун аял демонстрация уюштурду.

Алар Ооганстанда бийлик үч жыл мурда талибдердин колуна өткөндөн бери өтө чектелген жана басмырланган негизги укуктары менен эркиндиктерин калыбына келтирүүнү талап кылышты.

Акцияны «Ооган аялдарынын тарыхын өзгөртүү кыймылы» уюштурду.

Кыймылдын жетекчиси Рукия Саи билдиргендей, «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү катаал чара көрүп, кол салышы ыктымал деген кооптонуудан улам алар акциясын жарым сааттан кийин жыйынтыктоого аргасыз болушту.

Ооганстанда бийликке “Талибан” келгенден бери кеминде 1,4 миллион кыз орто билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганын быйыл 15-августта Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) билим, илим жана маданият уюму ЮНЕСКО билдирген.

«Талибан» көпчүлүк тармактарда аялдардын иштөөсүнө, паркка жана спортзалга баруусуна, орто жана жогорку билим алуусуна тыюу салып койгон. Мындай чектөөлөрдү БУУ «гендердик апартеид» деп атаган.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Ооганстанда бийлик талибдердин колуна өткөндөн бери бул өлкөдө "аялдардын укугу боюнча дүйнөдөгү эң олуттуу кризис жаралды" деп эсептей турганын 11-августта жарыялаган баяндамасында белгилеген.

2021-жылы 15-августта "Талибан" Кабулда бийликти кайрадан басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен.

Талибдер "инклюзивдик өкмөт" түзүү, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун кепилдөө боюнча сунуштарга макул болбой келет. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган. Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген.

“Талибан” кыймылы Ооганстанда кыз-келиндердин жүрүм-туруму жана билим алуусу боюнча чектөөлөрүнөн баш тартпай турганын жакында өкмөт өкүлү Забиулла Мужахид айткан. (RK)

Дагы караңыз

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кең-Сай" өткөрмө бекети кайрадан ачылды"Иш тажрыйбасы маанилүү эмес ". "Лалафодон" мугалим издеген мектептер АКШ жана Британия Украинага дагы 1,5 млрд доллар бөлөтАба ырайы: Күндүз айрым аймактарда жаан жаайт