Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Аба ырайы: Күндүз айрым аймактарда жаан жаайт


13-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 22…24 градус жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күңдүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 9…11°, күндүз 18…20° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 11-сентябрда күндүз 18,8°, 12-сентябрда эртең менен 18,1° түздү.

XS
SM
MD
LG