Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кең-Сай" өткөрмө бекети кайрадан ачылды


Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кең-Сай" өткөрмө бекети. Жалал-Абад, Ноокен. 12-сентябрь, 2024-жыл.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кең-Сай" өткөрмө бекети. Жалал-Абад, Ноокен. 12-сентябрь, 2024-жыл.

Жалал -Абад облусунун Ноокен районунун Кызыл-Туу айылында жайгашкан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесиндеги "Кең-Сай" көзөмөл өткөрүү пункту ачылды. Аталган бекет Өзбекстан тарабынан "Үч-Коргон" көзөмөл өткөрүү пункту деп аталат.

"Кең-Сай" күнү-түнү иштейт, эл аралык макамга ээ.

Аталган бекет аркылуу эки өлкөнүн жарандары, транспорт каражаттары каттай алат, ошондой эле жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын өтүшүнө уруксат берилет. Бул бекет бир суткада 11 000ден ашуун адамды жана 300 транспорт каражатын өткөрүүгө жөндөмдүү.

Чек ара бекетинин ачылышына 12-сентябрда Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты.

"Кең-Сай" көзөмөл өткөрүү бекети 2009-жылы жабылган.

12-сентябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы "Кара-Суу" өткөрмө бекети да 14 жылдан кийин кайрадан ачылды.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпы 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып оңолгонуна жараша бекеттерди ачуу иштери башталды. Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылды. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жандантты.

28-августка карата кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад", "Маданият", "Баймак", "Достук", "Кызыл-Кыя", "Кадамжай", "Кайтпас", "Ак-Кыя", "Өтүкчү", "Чечме" бекеттери иштеп жатат.

Буга чейин социалдык тармактарда "Достук" өткөрүү бекетинде кезек узарып жатканына байланыштуу видеолор тараган. "Достук автожол" бекети деп аталган бул пункттан жарандар жана транспорттор өткөрүлөт. (TB/ZKo)

XS
SM
MD
LG