АКШ жана Британия Украинага дагы 1,5 млрд доллар бөлөт

Блинкен, Зеленский жана Лэмми Киевдеги жолугушууда, 11-сентябрь, 2024

АКШ жана Улуу Британия Украинанын энергетикасын калыбына келтирүү жана гуманитардык жардам үчүн дагы 1,5 млрд доллар бөлөт.

Бул тууралуу бул өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери алыска атуучу куралдарды Орусиянын агрессиясына каршы колдонууга уруксат берүү маселеси талкууланган Киевдеги жолугушууда билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин айтымында, бул өлкө Украинага 700 млн доллар бөлөт. Анын 325 миллиону орус армиясынын чабуулунда талкаланган энергетикалык объектилерди калыбына келтирүүгө жумшалат. 290 миллионго жакыны тамак-аш, турак жай, медициналык кызмат көрсөтүү жана билим берүүгө сарпталат. Калган сумма миналарды зыянсыздандырууга керектелет.

Өткөн аптада АКШ 250 млн долларлык аскерий жардам берилерин жарыялаган.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми анын өлкөсү гуманитардык жана насыя түрүндө 782 млн долларлык жардам бере турганын Киевде билдирген.

"Биздин Путинге жамааттык билдирүүбүз биздин колдообуз азайбай турганын билдирет”, - деди Блинкен.

Блинкен менен Лэмминин Киевге сапары учурунда бир нече жолу абадан айгай жаңырып, айрым иш-чаралардын убактысы жылдырылып, кээ бирлери болбой калды.

Жолугушууда алыска атуучу куралдарды Орусиянын агрессиясына каршы колдонууга уруксат берүү меселеси дагы талкууланды. Блинкен бул маселени АКШ президенти Жо Байден менен Улуу Британиянын премьер-министри Кейр Стармер 13-сентябрда Вашингтондо күтүлүп жаткан жолугушууда талкуулайт.

Дагы караңыз

Аба ырайы: Күндүз айрым аймактарда жаан жаайтЖапаров Орусиядагы мигранттардын абалына көңүл буруу керектигин айттыКыргызстанда төрөттөн дагы бир келин каза болдуАкжолтой Бекболотов кайрадан "Кыргызфильм" киностудиясына директор болду