Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Кыргызстанда төрөттөн дагы бир келин каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Сокулук районундагы төрөт үйүндө 24 жаштагы келин каза болду. Келиндин өлүмүнө байланыштуу соттук-экспертиза дайындалып, тергөө-аныктоо иштери башталды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, учурда келиндин өлүмүнө байланыштуу дарыгерлер маалымат берип жатат.

Окуя 7-сентябрда катталган. Ымыркай учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, быйыл алты айда 24 аял төрөттөн кийин каза болгон. Анын айтымында, быйыл энелердин өлүмү салыштырмалуу көп катталган.

  • Ош шаарында 3-апрелде 30 жаштагы дагы бир келин төрөттөн каза болгон. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, келин 25-мартта оор абалда Ош шаардык перинаталдык борборуна түшүп, 33 жумалык ымыркай операция жолу менен алынган. Эне 3-апрелде өзүнө келбей каза тапкан.
  • 23-мартта Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 18 жаштагы келин төрөттөн көз жумган. Анын өлүмү боюнча иликтөө башталган.
  • 12-февралда Чүй облусунун Жайыл райондук аймактык ооруканасында тогузунчу төрөтүндө 36 жаштагы Гүлмира Мамбетова каза болгон. Анын жакындары дарыгерлерди күнөөлөп жатат. Милиция Мамбетованын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
  • 3-январда Талас районундагы Каракойчу Токтогулов атындагы аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 23 жаштагы келин, 14-январда Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө эгиз бала төрөгөн келин көз жумган. 5-февралда Бишкектеги №4 төрөт үйүндө 29 жаштагы келин кесарево операциясы учурунда каза тапкан.


Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 2022-жылы 41, 2023-жылы 38 аял төрөттөн каза болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG