11 журналисттин соту: эксперт Жанышбек уулу суралууда

Абактагы төрт журналисттин соту. Бишкек шаар соту. 4-сентябрь, 2024-жыл.

12-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистинин иши боюнча соттук отурумда Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, эксперт Жанышбек уулу Азамат сот аткаруучулар тарабынан Ысык-Көлдөн алып келинип, суралып жатат.

Ал экспертизага 16 видео тасма берилгенин, андагы бир видеодо "массалык башаламандыкка" чакырык болгонун жана анда Махабат Тажыбек кызы бар экенин билдирди. Соттук отурум уланууда.

5-сентябрдагы соттук отурумда лингвист-эксперт Таалайбек Абдыкожоев суралган. Ал суроолорго жооп берип жатып “Азамат Ишенбеков менен Махабат Тажибек кызынын гана видеолорунда массалык башаламандыкка чакырыктар бар” экенин айткан.

Буга чейин адвокат Улан Сейитбеков 19-сентябрда тараптардын жарыш сөзү башталат деп күтүлүп жатканын билдирген.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Ушул тапта төрт журналист - Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбеков тилкат менен үй камагына чыккан.

ИИМ “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы массалык башаламандыкка чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып келет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (TSh/KE)

Дагы караңыз

Чет өлкөгө жумушка орноштурган 11 агенттиктин ишине тыюу салындыТажикстандын муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзодага кол салуу болду"Атомдук адаттар" бестселлери кыргыз тилинде жарык көрдүКыргызстан көкбөрү менен көкпардан финалда Казакстан менен беттешет