Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Кыргызстан көкбөрү менен көкпардан финалда Казакстан менен беттешет


Кыргызстандын көкпар (жер улак) боюнча курама командасы.
Кыргызстандын көкпар (жер улак) боюнча курама командасы.

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан көк бөрүдөн жана көкпардан (жер улак) финалда Казакстандын курамасы менен беттешет. Көкпар боюнча финалдык беттеш бүгүн, 12-сентябрда 11:30да башталат. Ал эми көк бөрү боюнча финалдык беттеш 16:30 өтөт. Ар бир финалдык беттеш алдында үчүнчү орун үчүн беттештер өтөт эки спорттун түрүнөн тең Орусия менен Түркия командалары коло байге үчүн күч сынашат.

Кыргызстандын көкпар командасы 10-сентябрдагы жарым финалдык беттеште Түркиянын командасын 15:1 эсебинде жеңди. Казакстан курамасы 11-сентябрдагы жарым финалдык беттеште Орусия курамасын 18:2 эсебинде жеңип, финалга чыккан.

Көк бөрүдөн жарым финалда Казакстан Түркияны 15:1 эсеби менен, Кыргызстан Орусия курамасын 11:6 эсеби менен жеңип, финалга чыгышкан.

Казакстандын көкпар (жер улак) курама командасы.
Казакстандын көкпар (жер улак) курама командасы.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда башталган. 13-сентябрда жыйынтыкталат. Ага 90дой мамлекеттен 2,5 миңдей спортчу катышууда. Спорттун 21 түрүнөн мелдештер өтүүдө.

Көк бөрүдөн жана көкпардан мелдештер өз-өзүнчө өтүүдө. Жыл башында көк бөрү оюндардын программасына кирбей калган. Кийинчерээк Кыргызстан тараптын Казакстан менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин гана көк бөрү кайра кошулган.

Көк бөрүдөн Кыргызстандын көк бөрү федерациясы орусиялык, түркиялык, өзбекстандык курамаларды аргымактар менен камсыз кылууда.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 253 спортчу барган. Спорттун 21 түрүнөн мелдештер өтүүдө. Оюндар 13-сентябрда жыйынтыкталат.

Ушу тапта Кыргызстандын капчыгында 10 алтын, 13 күмүш, 15 коло медал менен мелдеш жадыбалында үчүнчү орунда келе жатат. Биринчи орунда 27 алтын, 17 күмүш, 25 коло медал уткан Казакстан курамасы турат. Экинчи орунда 11 алтын, 12 күмүш, 9 коло уткан Өзбекстан курамасы келүүдө.(GT)

XS
SM
MD
LG