Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Чет өлкөгө жумушка орноштурган 11 агенттиктин ишине тыюу салынды


Чет өлкөдө сезондук иштерге баргандар. Иллюстрациялык сүрөт.
Чет өлкөдө сезондук иштерге баргандар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу менен алектенген 11 агенттиктин иши токтотулду.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 12-сентябрда кабарлады. Маалыматта бул аракет иш менен камсыз кылган агенттиктерге көзөмөлдү күчөтүү максатында жасалып жатканы белгиленген.

Аталган министрлик ишине тыюу салынган агенттиктердин жана алар ишке орноштуруп келген өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Ага ылайык, иши токтотулган "Вайс Групп", "Селф виза", Fly Go, "Гоу Ту Германи" жана башка бир топ агенттиктер жарандарды Германия, Түркия, Польша, Венгирия, Болгария, Финляндия, Орусия, Литва, Бириккен Араб Эмирлиги жана Катарга жумушка орноштуруу менен алектенип келген.

Аталган министрлик ар бир багыт алган өлкө үчүн өзүнчө уруксат берилерин белгилеген.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте жарандарды чет мамлекеттерде ишке орноштурууну убадалаган агенттиктерге үч күндүк рейд жасаган.

АКШга, Европа өлкөлөрүнө жумушка жөнөтүүнү убада кылып, ондогон адамдын акчасын алгандан кийин из жашырып кеткен учурлар катталган. Ири суммасын алдатып, милицияга кайрылган фактылар бар.

ИИМдин маалыматында, быйыл үч ай ичинде Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу беренеси менен 59 факт катталган. Бул беренеге ылайык, айыпталуучу мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Расмий маалыматка караганда, ушул убакка чейин Кыргызстанда жарандарга чет өлкөлөрдө жумуш таап берип, жөнөтүү менен алектенген лицензиясы бар 160тан ашуун компания иштеп келген. Алар 26 өлкө менен байланышып, суроо-талапка жараша жумушчуларды жөнөтөт. Ошол эле учурда лицензиясыз иштеген фирмалар да бар.

Чет өлкөдө жумуш таап берүүнү убадалаган компанияларга алданып калган жарандардын маселеси буга чейин парламентте да көтөрүлгөн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөдө жумушка орношууда кыйынчылыктарга дуушар болгон жарандар +996 559 189 900 (WhatsApp) ишеним телефонуна чалып, юридикалык жана консультациялык жардам ала алышарын билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG