Көкбөрү
Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкбөрү боюнча курамасы жеңүүчү болду. 12-сентябрда өткөн финалдык беттеште кыргыз улакчылары Казакстандын көкбөрү курамасы менен беттешип, 10:4 эсебинде жеңишке жетти.
Кыргызстандык көкбөрүчүлөр биринчи бөлүктө тай казанга беш улак салды. Казак көкбөрүчүлөрү бир улак салганга жетишти. Экинчи бөлүктө эсеп 8:3 болду. Үчүнчү бөлүктө кыргыз көкбөрүчүлөрү дагы эки улак салды. Оюн бүтөрүнө саналуу секундалар калганда казак курамасынын оюнчусу дагы бир улак салып, акыркы эсеп 10:4 болду.
Көкбөрүдөн жарым финалда Казакстан Түркияны 15:1, Кыргызстан Орусия курамасын 11:6 эсеби менен жеңип, финалга чыгышкан.
Ушуну менен Кыргызстандын көкбөрү курамасы беш жолу Көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү болду.
Көкпар
Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпардан (жер улак) Казакстан курамасы жеңүүчү болду. 12-сентябрдагы финалдык беттеште Казакстан Кыргызстандын көкпар курамасын 5:4 эсебинде жеңди.
Финалдык оюн учурунда чыр чыгып, оюн 15 мүнөттөй токтотулду. Биринчи таймдын 13-мүнөтүндө эсеп 3:1 болгондо Казакстан курамасынын оюнчусу Улан Байтөреев атаандашы Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберди. Ушундан улам нааразылык болуп, биринчи тайм бүтөрүнө 6 мүнөт 7 секунд калганда оюн токтотулуп, кийин кайра уланды.
Беттештин негизги бөлүгүндө командалар 4:4 эсеби менен тең чыгып, 10 мүнөттүк кошумча убакытта казак курамасынын оюнчулары биринчи улак салып, жеңишке жетти. Акыркы эсеп 5:4 болду.
Башынан эле Казакстан тай казан менен ойнолгон көкбөрүгө каршы болуп, көкпарды сунуштап, бир катар эрежелерди киргизген. Бирок бүгүн ошол эрежелер сакталбаганы айтылып, калыстардын мамилеси кыргыз күйөрмандарынын нааразылыгына себеп болду. Кыргызстандын көкбөрү федерациясы дагы билдирүү таратып, апелляция жазганын кабарлады.
Казакстандын көкпар федерациясынын президенти Айдарбек Кожаназаров бул оюндан кийин комментарий берип эки өлкөнүн ынтымагы, достугу оюндан бийик турарын, бул оюн казак менен кыргызга гана керек экенин айтканын Казакстандын el.kz сайты жазып чыкты:
“Көкпар федерациясынын президенти катары казак-кыргыздын финалдык беттештеги оюнуна калыс пикиримди билдирүүнү чечтим. Көкпар чыныгы баатыр жигиттердин ортосундагы атаандаштык оюну. Кээде мелдеш учурунда спортчунун эмоциясы ашып-ташып кетет. Ар бир спортто ар кандай эреже бузулат. Көкпарда камчысын шилтеп жиберсе, аша чаап арыздана турган жагдай эмес. Жапайы көкпардан андан да коркунучтуу кадрларды көрүп жүрөбүз. Ооба, оюнда тартип бузулду. Калыстар кеңешип эреже бузган оюнчуга эскертүү берип, эки мүнөткө оюндан чыгарылды. Баш жарылса бөрк ичинде, кол сынса жең ичинде дегендей, беттештеги кара чаң, ошол жерде калыш керек. Бул көкпардын жазылбаган эрежеси. Экинчиден, калыстын айтканы мыйзам. Сөз жок, кыргыз көкпарчылары мыкты даярданыптыр. Аттарын мыкты таптаптыр. Бирок казак көкпарчылары таза жеңишке жетти. Жада калса кошумча убакыт да берилди. Жеңилгенди моюнга алуу да эрдик. Ынтымак менен ойносок дагы далай көкпар тартабыз”, - деди Айдарбек Кожаназаров.
Кыскартып айтканда, Көчмөндөр оюндарында көкбөрүдөн жана көкпардан мелдештер өз-өзүнчө өтүп, көкбөрүдөн өткөн мелдештерге алты команда, көкпардан өткөн мелдештерге тогуз команда катышты.
Көкбөрү: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Түркия жана Орусиянын курамалары,
Көкпар: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Түркия, Монголия, Кытай, Венгрия жана Орусиянын курамалары катышты.
Көкбөрүдөн өткөн мелдештерде Кыргызстандын көкбөрү федерациясы орусиялык, түркиялык, өзбекстандык курамаларды аргымактар менен камсыз кылганы белгилүү болду.
Көчмөндөрдө өгөйлөнгөн көкбөрү
Акыркы кездери көкбөрү жана көкпар боюнча Кыргызстан менен Казакстандын спортчуларынын ортосунда атаандаштык болуп келе жатат. Ар бири бул оюндагы өз эрежелерин сактоого жана өнүктүрүүгө аракет кылып жүрөт. Башкача айтканда, эл аралык мелдештерде оюн кайсы түрү жана эреже менен өтөт деген талаш жаралган учурлар көп. Астанадагы көкпар жана көкбөрү оюндар, анда чыккан чырлар да бул талкууларды кайрадан күчөттү.
Көкбөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев көкбөрү менен көкпарды бириктирүү үчүн Кыргызстан тараптан көп аракет болгонун айтып, бүгүнкү оюн тууралуу буларды айтты:
"Биз эки жылдан бери эки элдин ынтымагы үчүн, келгиле, оюнду бириктирели деп, Көкпар федерациясы менен канчалаган жолугушууларды өткөрдүк. Мындай темп менен көкпар менен көкбөрүнүн ортосунда эч кандай келишим да болбойт, өнүгүү да болбойт", - деди ал.
Жыл башында көкбөрү Көчмөндөр оюндарынын программасына кирбей калган эле. Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов негизги оюндардын тизмесине кыргыздын улуттук оюндарынын көзүрүнө айланган көкбөрү менен кыргыз күрөшү киргизилбей жатканын айтып, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, чечип бөрүүсүн суранган.
Кийинчерээк Кыргызстан тараптын Казакстан менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин гана көкбөрү оюндардын программасына өзүнчө оюн катары кошулган.
Дагы караңыз Астанадагы көчмөндөр оюнунда көк бөрү ойнолбойбу?Көкбөрүнүн 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында да көрсөтмө оюн гана катары кирип калганы, кыргыз коомчулугунда чоң талкуу жараткан. Кийинчерээк түрк тарап менен сүйлөшүүлөрдөн соң гана өзүнчө оюн катары кошулуп, мелдештер өткөн. Анда көкпардан да мелдештер өткөн. Эки оюнда тең финалда Кыргызстан менен Казакстандын командалары беттешип, көкбөрүдөн Кыргызстан алтын байге алса, көкпардан Казакстан жеңишке жеткен.
I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маалында Кыргызстандын Туризм департаментин жетектеген, көкбөрү боюнча бир катар сунуштарын айтып келе жаткан Максат Чакиев акыркы оюндардан кийин Фейсбук баракчасына өз пикири менен бөлүштү:
"Бүгүнкү Эль-Классикону көрүп жатып, мен дагы бир жолу ынандым: ар бир оюн өзүнчө келечексиз (!) бойдон кала берет. Бул дал бүгүнкүдөй түбөлүк талаш-тартышты, нааразычылыкты жана ынанбагандыкты жарата берет. Бүгүнкү күндө эки лагер тең дүйнөгө өз эрежелери жана стандарттары менен чыгууга аракет кылып жатышат жана бул стандарттар дээрлик бирдей. Дүйнө чаташып баштады. Тактап айтканда, ушул эки федерация бул этноспортту дүйнөлүк спортко айландырууда башаламандык жарата башташты. Мен эки эл аралык федерацияны бир эл аралык Конфедерацияга бириктирүүнү жана оюндун алгачкы аталышы болгон "ULAK" деген жаңы бренд менен чыгууга сунуш кылам".
Эрежеден чыккан ажырым
Көкбөрү оюнунун азыркы эрежесин 1996-жылы режиссерлор Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеев иштеп чыккан. Оюндагы негизги эреже катары бир командада 12 чабандес 12 ат менен 20 мүнөттөн үч айлампа ойноп, оюн талаасында бир учурда ар бир командадан төрттөн оюнчу ойноору жана улак тайказанга салынары белгиленген.
Ал эреже 2001-жылы түзүлгөн Эл аралык көкбөрү федерациясы тарабынан да колдоо таап, уюмга мүчө болгон Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын өкүлдөрүнүн арасында өлкө аралык мелдештер уюштурула баштаган.
Бул тартип 2013-жылга чейин сакталган. Ошол жылы Астана шаарында көкбөрү боюнча алгачкы Азия чемпионаты ошол эреже менен өткөн. Ага жети өлкөнүн улакчылары катышып, финалда Казакстан менен Кыргызстан ойноп, 4:2 эсебинде жергиликтүү команда жеңүүчү болгон.
Бир жылдан кийин Кыргызстанда I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп, анда көкбөрү күйөрмандары күткөн Казакстандын командасы келбей, финалда “Кыргызстан-1” жана “Кыргызстан-2” командалары ойноп, 4:3 эсебинде “Кыргызстан-1” командасы жеңишке жеткен.
2016-жылы Чолпон-Атада болгон II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалында Кыргызстан жана Казакстандын командалары беттешип, 15:3 эсебинде кыргыз көкбөрүчүлөрү жеңишке жеткен. Ошондо Казакстандын курама командасынын оюнчусу Абу Абдыжапаров каттуу жаракат алган.
Бир жылдан кийин 2017-жылы Казакстанда көкпар эрежеси менен Дүйнө чемпионаты өтүп, анда финалда Казакстандын командасы 4:1 эсебинде Кыргызстандын командасын жеңип алган.
2018-жылы Чолпон-Атада III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында финалда Кыргызстан менен Өзбекстан ойноп, Кыргызстан жеңүүчү болгон. Казакстан 3-орун үчүн Орусиянын Москва командасы менен беттешип, коло байге алган.
2019-жылы январь айында Эл аралык көкбөрү федерациясы оюндун эрежелерин, анын ичинде тайказан маселесин Бишкекте жана Ташкентте өткөн конгрессте талкуулап, орток пикирге келе албай койгон.
2019-жылы февраль айында Эл аралык көкбөрү федерациясы Казакстандын борбору Астана шаарында конгресс өткөрүп, көкбөрү оюндарынын эрежесин бир топ өзгөрткөн. Анда көкбөрү оюндарын үч таймдан эки таймга кыскартуу, аттарды такасыз талаага чыгаруу, улактын ордуна жасалма муляжды тартуу жана тайказанды алып таштап, анын ордуна жердеги чийинге ойноо тууралуу эрежелер кирген.
Жыйынга Кыргызстандын көкбөрү федерациясынан өкүлдөр барган эмес. Жыйындагы көпчүлүк өлкөлөр жаңы эрежелерди колдоого алган. Ошондон тартып эки элдин ортосунда көкбөрүнүн эрежелери боюнча талаш токтобой келет.
Казакстан тарап көкбөрүдө оюнчулардын, аттардын жаракат алуу коркучуну бар деген жүйөнү келтирип келишет. Кыргызстан тарап көкбөрүнүн бир топ эрежелерин өзгөтүп, коопсуздук маселесине жакыш көңүл буруп жатканын айтышат.
Көкбөрү федерациясынын жетекчиси Рамис Жунусалиев былтыр "Азаттыкка" оюндарда жумшак, коопсуз, жаңы варианттагы тай казандар коюла баштаганын, ал көп жылдап иштелип чыкканын айткан. Андан сырткары Кыргызстандын көкбөрү федерациясы оюнчулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бир топ эрежелерди өзгөрткөнүн айткан.
Кыргыздардын көкбөрүнү жайылтуу дымагы
Дүйнөлүк көчмөндөр оюнундагы күйөрмандардын өзгөчө бүйүрүн кызыткан көкбөрү оюнун Кыргызстан эл аралык аренага алып чыгууга умтулууда.
Астанада жыйынтыкталып жаткан эл аралык мелдешке АКШнын, Түркиянын, Өзбекстандын жана Орусиянын командаларын Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы аргымак, саяпкер, машыктыруучулар менен камсыздап берди.
Аталган федерациянын басма сөз катчысы Самат Жумакадыров Кыргызстанда саяпкерлердин мектеби мыкты деңгээлде өнүккөнү менен негиздеди.
"Мелдешке катыша турган өлкөлөрдүн аттарын даярдап берүү биздин өлкөнүн облустарына жүктөлдү. Мисалы, түркиялыктарга Нарын облусунун "Улар" командасы даярдап берди. Ар бир команданын саяпкери болот, алар да командасы менен чогуу кайсы бир өлкөгө саяпкер болуп өтөт. Орусияга Чүй облусу, Өзбекстанга Ысык-Көл, АКШга Бишкектин командасы даярдап берди. Саяпкерлер аттарды таптап, суутуп, оюнга кошот".
Мындай кызматташууну спорт эксперттери "кыргыздардын улуттук оюнун дүйнөгө кеңири таанытуу дымагы" деп мүнөздөшүүдө. Президенттин мурдагы кеңешчиси, "Бакубат келечек" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Руслан Кыдырмышев буларга токтолду:
"Бизде эле эмес, спорттук бардык түрүндө мындай көрүнүштөр бар. Жапондордун дзюдосу болобу, корейлердин таэквондосу болобу, ушундай ыкма менен дүйнөгө жайылтылган. Алар өздөрүнүн чеберчилигин башкаларга үйрөтүү үчүн азыркыга чейин башка мамлектетерге тренер катары барып, өнүктүрүүгө салым кошуп турушат. Мисалы, америкалыктар биздин улуттук оюнду кайдан түшүнмөк эле. Кыргыз саяпкерлери же спортчулары аларды "бизди утуп алгыла" деп машыктырбайт да, тек гана улуттук өнөрүбүздү үйрөтөт, ушул ыкма менен көкбөрүнүн дүйнөгө жайылтууга салым кошушат".
Ишкер Рысгүл Акимжанова баарынан мурда улуттук спорттун эрежелерин сактап калуу зарыл деген пикирде. Ал маселенин ушул өңүтүнө көңүл бурууга чакырды:
"Улут өзүнүн иденттүүлүгүн, өзгөчөлүгүн жайылтуу үчүн спорт, маданият, билим, туризм жана башка ар кайсы багытты колдонсо болот. Көкбөрү байыркы спорттун методикасы бар. Бирок муляж маселеси анын өзөгүн сактоого тоскоол болуп жатат. Аны улакка же карышкырга окшош кылып жасаш керек. Көкбөрүнүн өзөгүнөн караганда, муляж менен ойногонго мен каршымын, бирок гумандуулук жагынан алганда макулмун. Бирок муляждын формасын каалагандай кылып өзгөрткөн туура эмес. Казакстандагы Көчмөндөр оюндарында өзгөртүп жибергендей сезилди".
Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүн, 13 - сентябрда жыйынтыкталат.