Кыргызстан бүгүн, 31-августта СССР деген держава кыйрагандан кийинки ээ болгон көз карандысыздыгынын 32 жылдыгын белгилеп жатат. Айрым саясий ишмерлер Эгемендик кыргыздар эзелтен эңсеп келген баалуулук экенин айтышууда.
Быйыл Эгемендик майрамы Ош шаарында белгиленүүдө. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик, коомдук, саясий, жана маданий ишмерлер катышып жатат.
Өлкө президенти Садыр Жапаров Ош шаарында өтүп жаткан салтанатта кыргызстандыктарды эгемендик майрамы менен куттуктады. Президент "Эгемендик майрамын ар жылы ар дубанда өткөрүү ниети" болгонун, быйыл "3 миң жылдан ашуун тарыхы бар, Фергана өрөөнү жана жалпы эле Борбор Азиядагы байыркы шаарлардын катарында турган ордолуу Ош шаарында, касиеттүү Сулайман тоонун астанасында" өтүп жатканын белгиледи.
Салтанаттын алкагында "Сулайман тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде туу көтөрүү аземи өттү. Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун эстелиги ачылды.
Ош улуттук драма театрында "Ош - достук шаары" фестивалы болот. Түштөн кийин Көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдештин финалы өтөт. Кечинде шаардын борбордук аянтында өлкө эгемендигинин жана маркум Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган концерт уюштурулат.
Былтыр эгемендик күнүндөгү негизги салтанант Чүй облусунда Аламүдүн районуна караштуу Чуңкурчак жайлоосунда өткөн жана анда Байтик баатырдын 200 жылдыгы кошо белгиленген.
Саясатчылардын арасында жана окумуштуулар чөйрөсүндө Советтер Союзу кулагандан кийин Кыргызстан анын курамындагы 15 республиканын катарында көз карандысыздыкка ээ болуп, кыргыздар эгемендикке жеңил жетти деген пикирлер айтылып жүрөт.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, окумуштуу Абдыганы Эркебаев "Азаттыкка" курган маегинде Кыргызстан СССР кыйрагандан кийин уруш-талашсыз эгемендикке ээ болду деген пикирде.
"Эгемендикке жетүү СССР деген улуу державанын курамында жашап келген эл үчүн күтүүсүз болду да. Тарыхта жөөттөр сыяктуу канчалаган менменсиген кыйын элдер 2 миңден ашуун жыл азып-тозуп, өз жеринен куулуп, анан көз карандысыздыкка жетти. Европанын бир топ мамлекеттери - Чыгыш Европа, ал жагы Австрияга чейин - көп жыл бизге кандаш, боордош Түркиянын таасиринде жашады. Коңшубуз Кытай канча мезгилге чейин европалык, америкалыктардын кол алдында болду. Дээрлик Түштүк Азия, Индонезия, Малайзия, Сингапур сыяктуу өлкөлөр Португалия менен Испания өңдүү кичине эле мамлекеттерге көз каранды болгон. Бүт Латын Америкасы дагы ошондой эле, Африка болсо түшүнүктүү. Бизге Алла Тааланын көзү түз болду окшойт, уруш-талашсыз эгемендикке ээ болдук", - деди Эркебаев.
Бирок саясат таануу жана тарых илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акунов бул пикирлерди чоң жаңылыштык деп эсептей1т. Ал "Азаттыкка" курган маегинде кыргыз эли эгемен мамлекет түптөө үчүн миңдеген жылдар бою күрөшүп келгенин белгиледи.
"Чоң эле окумуштуулар, саясий ишмерлер да ушинтип айтып жүрүшкөнү туура эмес. Эгемендик бизге асмандан түшкөн жок. Ушул миң жылдан ашуун убакытта кыргыз эли аябагандай кыйын кезеңди баштан кечирсе да эгемендикти эңсеп келген. Улуу "Манас" эпосунун пайда болуу себебинин эң негизгилеринин бири - мамлекеттүүлүк идеясы. Ушундай эгемен, өзүбүздүн эркин мамлекетибиз, Манастай адилет башчыбыз болсо деген эңсөө менен "Манас" эпосу жаралган. Анын муундан-муунга өтүп, бизге чейин жеткени - ушул күрөш. Кыргыз эли 10-кылымда эгемен мамлекетин жоготкондон бери көз карандысыздык, өз алдынчалык үчүн миң жылдан ашуун тынбай күрөшүп келди. Союздун тушунда да кыргыз үчүн толук эгемендик болгон эмес. Кыргыз эли толук эгемендикке жеткенине 32 жыл болду. Биз эгемендигибиздин маанисин толук баамдай албай, эгемендик баркына жете албай жатабыз", -деди Аалыбек Акунов.
Кыргызстандын Эгемендик майрамына анын жарандары толук маани берип, так түшүнө электигин дагы бир саясатчы, "Ата Мекен" партиясынын түптөөчүсү, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты, учурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев да белгиледи.
Ал "Азаттыкка" курган маегинде бүгүн Эгемендик майрамы мамлекеттик органдардын деңгээлинде гана белгиленип келе жаткан майрам болуп жатканын айтты.
"Улуттук идеологиянын эң негизги идеясы - көз карандысыздык. Тилекке каршы Эгемендик күнү учурда расмий майрам болуп, мамлекеттик органдардын, кызматкерлердин иш-чараларында гана белгиленип келет. Көз карандысыздык күнү ар бир кыргызстандыктын жеке майрамы болуп, өзүбүздүн туулган күнүбүздөй эле мамлекеттин туулган күнүн да белгилей баштасак, ошондо көз карандысыздыгыбыздын пайдубалы бекем болот. Эгемендик реалдуу маңызга ээ болот. Биз СССРдин кыйрашы менен советтик республикалардын эркиндик алышын кыска убакыт катары карабашыбыз керек. Бул жүздөгөн жылдарга созулган жараяндын мыйзам ченемдүү этабы болгон. Кыргыздар миңдеген жылда өзүнүн мамлекеттүүлүгү, өз алдынчалыгы үчүн, дүйнөдөгү өз орду үчүн күрөшүп келген эл. Убагында мамлекет курган, империя да курган, тиги же бул империялардын курамында калганда да өзүн жоготпостон күрөшүп келе жаткан. Ошондуктан, бул кыргыз эли эзелтен эңсеп келген баалуулук", - деди Өмүрбек Текебаев.
Бийлик, президенттер
Кыргызстандын 32 жылдык эгемендик тарыхында алты президент алмашты. Анын үчөө элдик толкундоолордун натыйжасында бийликтен кеткен.
2005-жылы март окуясында дээрлик 15 жыл бийликте отурган тунгуч президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан эл аны бийликтен алып түшкөн. Акаев үй-бүлөсү менен Москвага качкан.
Айрым эксперттер жаңыдан көз карандысыздыкка ээ болгон өлкөнү колуна алган Аскар Акаевдин алгачкы башкаруу жылдарында "демократиялык аралча" аталган Кыргызстан бара-бара коррупцияга баткан, эли миграцияга тентиген, экономикасы чабал, бир үй-бүлөнүн башкаруусуна өтүп, сын айткан оппоненттерин куугунтуктаган авторитардык өлкөгө айланып бара жатканы элди көчөгө алып чыкканын айтып келишет.
Март окуясынын натыйжасында бийликке келген экинчи президент Курманбек Бакиев мамлекет башына кандай келген болсо, беш жылдан кийин, 2010-жылы Апрель окуясында ошол эле жол менен кетти. Курманбек Бакиевдин бийлигин анын инилери жана балдары кошо жүргүзө баштаганына нааразы болгон эл кайрадан көчөгө чыгып, Бакиевдер алгач туулган жери - Жалал-Абад облусуна, андан кийин Беларуска барып баш калкалады.
Апрель окуясынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттү жетектеп турган Роза Отунбаева 2010-жылы июнь айында президент болуп шайланып, өлкөнүн өткөөл президентинин жүгүн мойнуна алды. Бир жылдан кийин кырдаал турукташкан өлкөнү президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берди. Убактылуу өкмөттүн тушунда өлкөнүн түштүгүндө улуттар аралык жаңжал тутанып, Июнь окуясында 400дөй адам набыт болгон. 2020-жылы Октябрь окуясынан келген бийлик Июнь коогасына байланыштуу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө кылмыш ишин козгоду.
Өлкөнү алты жыл башкарган президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы бийликти шайлоодо утуп келген партиялашы Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген. Кийинчерээк Атамбаев Жээнбековго президенттик шайлоодо жеңишти өзү камсыздап бергенин айтып, өкүнүчүн билдирген эле. 2019-жылы Алмазбек Атамбаев бир нече кылмыш ишине байланыштуу кармалып, камакка алынган. Үч жылдан ашуун убакыт абакта отуруп, экс-президент макамынан ажыраган Атамбаев быйыл жазында камактан чыгып, ден соолугун чыңдаганы чет өлкөгө чыгып кетти.
2017-жылы президенттик такка отурган Сооронбай Жээнбеков үч жылга жетпей, 2020-жылы Октябрь окуясында бийликтен кетти. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл кайрадан көчөгө чыгып, жыйынтыгында абакта отурган Садыр Жапаров бийликке келди. Алгач өзүн премьер-министр, андан кийин президенттин милдетин аткаруучу деп атаган Садыр Жапаров 2021-жылы январда президенттик шайлоодо утуп, 6-президент катары мамлекет башына отурду. Анын алдында Кыргызстанда Баш мыйзам өзгөрүп, бийлик бир колго - президентке өттү.
Чек ара, экономика, демография
Эгемендик жылдары Кыргызстандын калкы дээрлик 2,5 миллионго көбөйүп, 7 млн адамдан ашты.
Кыргызстан эгемен өлкө катары Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен чектешет. Булардын ичинен Тажикстандан башка коңшу өлкөлөр менен чек арасы дээрлик толук чечилди. Тажикстан менен чек ара маселеси оор бойдон калууда. 2021-жылы жазында, 2022-жылы күзүндө эки өлкөнүн ортосунда куралдуу кагылыш катталып, эки окуядан эки тарап жүздөн ашуун жаранын жоготту.
Кыргызстан отуз жылдан ашуун убактан бери өз алдынча мамлекет болсо да, алигүнчө Орусиянын таасиринен чыга элек деген сын-пикирлер айтылып келет. Быйыл Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев "Бишкектин төрт районунун аттарын кыргызчалоо керек" деп демилге көтөргөндө, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын айрым депутаттарынын нааразы болгону жана кыргыз тили тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынганда Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров орус тили "басмырлоого" кабылып жатканын айтканы кыргыз коомчулугунда өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары кабыл алынган.
Ошол эле учурда айрым эксперттер Кыргызстанда кийинки убактарда Кытайдын таасири артып баратканын да айтып келет. Алар буга Кыргызстандын тышкы карызынын басымдуу бөлүгү Кытайдыкы экенин, өлкөдөгү ири долбоорлор Кытайдын компанияларына берилгенин мисал кылышууда. Расмий маалыматтар боюнча быйыл майдын аягына карата Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд 489,7 млн долларды түзсө, бул сумманын 1 млрд 734,58 млн доллары Кытайга туура келет.
Жаңыдан эгемендик алган жылдары "демократиялык аралча" аталган Кыргызстан акыркы жылдары сөз эркиндиги, саясий эркиндик жаатында бир катар эл аралык уюмдардын сынына кабылууда. Human Rights Watch жана Amnesty International уюмдары өздөрүнүн акыркы баяндамаларында Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым күчөп баратканын белгилешкен. HRW "бийлик сын айткандардын оозун басып" жатканына тынчсызданып, ЖМКга, бейөкмөт уюмдарга басым күчөп, жарандык активисттер кармалганын эске салган.
Кыргыз бийлиги бул сындарды четке кагып, өлкөдө "сөз эркиндиги бар экенин" билдирип келет.
Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыяланган.